Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 17
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жашоочулардан жергиликтүү калктын турмуш-тиричилик калдыктарын чыгарууда элден жыйналуучу кызмат акысы жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаев Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай, Ак-Терек, Болуш айылдарында жашаган жергиликтүү тургундардан жыйналуучу жергиликтүү калктын турмуш тиричилик калдыктарын чыгаруудагы кызматтары үчүн акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен төлөнүп жаткандыгын билдирип өттү. Ошол себептен жергиликтүү тургундардан жыйналуучу жергиликтүү калктын турмуш тиричилик калдыктарын чыгаруудагы кызматтары үчүн акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттен төлөп бериле тургандыгы жөнүндөгү Кенештин токтомун чыгарып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай, Ак-Терек, Болуш айылдарында жашаган жергиликтүү тургундардын жергиликтүү калктын турмуш тиричилик калдыктарын чыгаруу кызматы үчүн жыйналуучу акча каржаттарын айыл аймактын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөп берүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин..
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |