Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 1
Терек-Сай айыл өкмөтүнүн имаратын реконструкциялоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин “аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү” жылына карата “Бирдиктүү терезе” долбоорун ишке ашыруу максатында айыл өкмөттүн имаратын реконструкциялоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсү угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Өкмөтүнүн 27.01.2014-жылдын № 55 токтомун ишке ашыруу жана “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жылына” карата Терек-Сай айыл аймагында “Бирдиктүү терезе” долбоорун ишке ашыруу жана санузел куруу максатында айыл өкмөттүн имаратын реконструкциялоо үчүн 2,0 млн (эки миллион) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |