Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 2
Курулуш иштерин көзөмөлдөөчү технадзордун айлык акыларын чечип берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Суванованын Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарындагы кичи футбол талаасынын, К.Турдалиев көчөсүнүн борборундагы клумбанын курулуш иштерин көзөмөлдөөчү технадзордун айлык акыларын төлөп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылындагы кичи футбол талаасынын жана Кызыл-Токой айылындагы кичи футбол талаасынын, К.Турдалиев көчөсүнүн борборундагы клумбанын курулуш иштерин көзөмөлдөөчү технадзордун айлык акыларына жалпысынан 118,7 мин ( бир жүз он сегиз миң жети жүз ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |