Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 3
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы билим берүүчү мекемелерге кошумча медициналык каражат алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин айыл аймакка караштуу жалпы билим берүүчү мекемелерге өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуучулардын коопсуздугун алдын алуу жана санитардык гигиеналык талаптарды аткаруусун камсыздоо үчүн кошумча медициналык каражаттарды алып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймакка караштуу жалпы билим берүүчү мекемелерге өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуучулардын коопсуздугун алдын алуу жана санитардык гигиеналык талаптарды аткаруусун камсыздоо үчүн кошумча медициналык каражаттарды алып берүү үчүн 90 000 (токсон миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |