Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 4
Терек-Сай айыл аймагынын бюджет бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынынын жергиликтүү бюджет бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КЭБнун башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинен, жергиликтүү Кеңештин төрагасынын эмгек акысына жана иш жүргүзүүчүнүн (адис) төрөттөн кийинки эмгек өргүүсүнүн төлөнүүсү үчүн 701 разделине 211 беренесине 39,1 миң сом, 212 беренесине 6,7 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |