Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 7
“Келечек” балдар бакчасынын имаратынын эшиктерин алмаштыруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Келечек” балдар бакчасынын жетекчиси Ч.Ш.Аликееванын бала бакчанын имаратынын кирген эки канаттуу эшиктерин алмаштыруу жана ички 2 эшигин ремонттоо жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Келечек” балдар бакчасынын имаратынын кирген эки канаттуу эшиктерин алмаштыруу жана ички 2 эшигин ремонтто үчүн 42570 (кырк эки миң беш жүз жетимиш ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |