Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 8
Горняк-Ак-Терек көчөлөрүнүн ортосунан өткөн жалгыз аяк жолго электр жарыгын орнотуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек жана Горняк-2 көчөлөрүнүн тургундарынын электр жарыгы жок болгондуктан, Ак-Терек жана Горняк-2 көчөлөрүнүн ортосунан өткөн жалгыз аяк жолдон карангыда өтүү көчөнүн жашоочулары үчүн кооптуулукту жараткандыктан, электр жарыгын орнотуп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек жана Горняк-2 көчөлөрүнүн ортосунан өткөн жалгыз аяк жолго электр жарыгын орнотуу үчүн 130 000 (жүз отуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |