Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 9
Турмуш шарты оор жана ден соолуктарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө.
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзабаев көчөсүнүн тургуну Кенжегүл Абдылаеванын жана Ынтымак көчөсүнүн тургуну Козубеков Эмилдин, Кызыл-Токой айылынын тургуну Ибрагимов Дооронбектин турмуш шартына жана ден соолуктарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзабаев көчөсүнүн тургуну Кенжегүл Абдылаевага 15 000 (он беш миң) сом жана Ынтымак көчөсүнүн тургуну Козубеков Эмилге 5000 (беш миң), Кызыл-Токой айылынын тургуну Ибрагимов Дооронбекке 5000 (беш миң) сом акча каражаты турмуш шарттарына жана ден соолуктарына байланыштуу бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |