Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 10
Терек-Сай айыл аймагына караштуу К.Турдалиев көчөсүндө жайгашкан дүкөндүн чатырчасын жабуу үчүн долбоор даярдоо жөнүндө.
Терек-Сай айылынын тургундары, жеке ишкерлер А.Исмаилова жана З.Ормотоевдин арендага алып иштетип жаткан айыл өкмөттүн балансында турган эски дүкөндүн чатырчасы эскирип, суу өтүп жаткандыгына байланыштуу, чатырчасын жаңылап берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу К.Турдалиев көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөттүн балансында турган эски дүкөндүн чатырчасын алмаштыруу үчүн долбоор түзүү Терек-Сай айыл аймагына милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.Смановго жана КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика, финансы маселелери жана өнөр жай, транспорт, курулуш боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |