Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 11
Турдалиев көчөсүндөгү суунун жээгине тепкич куруу үчүн керектүү курулуш материалдарды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Турдалиев көчөсүнүн тургундарынын дарыядан суу алууда кооптуулук жаратып жаткандыктан, суунун жээгине тепкич куруу зарылчылыгына байланыштуу, керектүү курулуш материалдарын алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Турдалиев көчөсүндөгү суунун жээгине тепкич куруу максатында керектүү курулуш материалдарын алып берүү үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |