Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 13
Эшалы Болуш көчөсүндөгү эски аялдаманын ордуна жаңы аялдама куруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Эшалы Болуш көчөсүнүн тургундарынын айылдагы эски аялдаманын ордуна жаңы, заманбап аялдама куруу үчүн керектүү курулуш материалдарды алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Эшалы Болуш көчөсүндөгү эски аялдаманын ордуна жаңы, заманбап аялдама куруу максатында керектүү курулуш материалдарды алып берүү үчүн 52 380 (элүү эки миң үч жүз сексен) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |