Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 14
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Турдалиев көчөсүнүн борборундагы клумбанын айланасын көрктөндүрүү жана суу жээктерин бекемдөө үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин Терек-Сай айылынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Турдалиев көчөсүнүн борборунда курулган клумбанын айланасын көрктөндүрүү, суу жээктерин бекемдөө максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын борборундагы курулган клумбанын айланасын көрктөндүрүү максатында 284 000 (эки жүз сексен төрт миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |