Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 16
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Школьная-1 көчөсүндөгү эски көпүрөнүн жандарын тосуу үчүн курулуш материалдарын алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын Школьная-1 көчөсүнүн тургундарынын адам өтүүчү эски көпүрөнүн эскирип, жандары ачылып калып, жаш балдардын өтүүсүнө кооптуулук жаратып жаткандыктан, жандарын тосуу үчүн курулуш материалдарын алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын Школьная-1 көчөсүндөгү көпүрөнүн жандарын тосуу үчүн курулуш материалдарын алып берүүгө 27 920 (жыйырма жети мин тогуз жүз жыйырма) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |