Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын12-ноябры № 17
Терек-Сай айылынын тургуну Рыскулбек уулу Бектурдун Ак-Терек жана Терек-Сай каттамдары үчүн айлык маянасын төлөп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын тургуну Рыскулбек уулу Бектурдун окуучуларды жана элдерди ташуу үчүн Терек-Сай жана Ак-Терек каттамдары боюнча рейстерди жасаганын,ошол боюнча айлык маянасын чыгарып берүүсун сурануу менен жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын тургуну Рыскулбек уулу Бектурга Ак-Терек жана Терек-Сай каттамдары үчүн жасаган рейстерине жараша айлык маянасын түзүлгөн табелге ылайык сентябрь, октябрь айлары ичинде жасаган рейсине 1 500 (бир мин беш жүз) сомдон, ноябрь айы ичинде жасаган рейсине 2 500 (эки мин беш жүз) сомдон акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |