Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 1
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин долбоорунун 2021-2022-2023-жылдарга карата божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин долбоорунун 2021-2022-2023-жылдарга карата божомолун бекитүү жөнүндөгү КЭБ башчысы Т.Суванованын маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагынын 2021-жылга карата бюджетинин долбоор божомолу 23260,3 мин сомго, 2022-жылга карата божомолу 24414,0 мин сомго, 2023-жылга карата божомолу 24982,3 мин сомго бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт курулуш жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |