Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 2
Терек-Сай айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү ( 1-2-этажды капиталдык ремонт жасатуу, сан.узел орнотуу, бирдиктүү терезе уюштуруу ) боюнча проекти, сметасын түздүрүүгө, корутунду (заключение) алууга карата акча каражатын бөлүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында айыл өкмөттүн мекемесин капиталдык ремонттон өткөрүү, сан.узел орнотуу зарылдыктарына байланыштуу, жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында бирдиктүү терезе уюштуруу заман талабы болгондуктан, проектисин жасатуу, сметасын түздүрүү, корутундусун алуу жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагында айыл өкмөттүн мекемесин капиталдык ремонттон өткөрүү, сан.узел орнотуу зарылдыктарына байланыштуу, жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында бирдиктүү терезе уюштуруу заман талабы болгондуктан проектисин жасатуу, сметасын түздүрүү, корутундусун алуу 60 000 (алтымыш мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |