Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 3
Кыш мезгилине карата даярдык көрүү максатында Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекеме уюмдардын жылытуу системасын лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү жана чатырчаларына өрткө каршы суюктук чачтыруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекеме уюмдардын жылытуу системасын лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү жана чатырчаларына өрткө каршы суюктук чачтыруу зарылдыгы жөнүндөгү КЭБ башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыш мезгилине карата даярдык көрүү максатында Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекеме уюмдардын жылытуу системасын лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү жана чатырчаларына өрткө каршы суюктук чачтыруу үчүн 550 000 (беш жүз элүү мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |