Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 4
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан “Бүчүр” балдар бакчасынын жаны курулуп жаткан имаратына резервуар куруу жөнүндө
Кызыл-Токой айылында жайгашкан “Бүчүр” балдар бакчасынын жаны курулуп жаткан имаратына резервуар куруу керектиги жөнүндөгү КЭБ башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан “Бүчүр” балдар бакчасынын жаны курулуп жаткан имаратына резервуар куруу үчүн 285 600 (эки жүз сексен беш мин алты жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |