Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 5
Терек-Сай айыл аймагында карылар күнүн өткөрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында жашаган карыларга урмат,сый көрсөтүү максатында карылар күнүн белгилөө жөнүндөгү КЭБ башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагында “ 1-октябрь- Карылар күнүн” белгилөө менен жашы 70 жаштан жогору болгон карыяларга материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |