Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 6
Терек-Сай айыл айылындагы кичи футбол аянтчасынын кошумча жумуштарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылындагы кичи футбол аянтчасынын кошумча жумуштарына соц.пакеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштууТерек-Сай айылындагы кичи футбол талаасынын кошумча жумуштарына “Эти-Бакыр Терек-Сай” ЖЧКнун соц.пакетинин эсебинен 462 000 (төрт жүз алтымыш эки мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |