Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 7
Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин утурумдук ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүү мекемесинин утурумдук ремонтуна акча каражатын бөлүү зарылдыгы жөнүндөгү КЭБ бөлүмүнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай жалпы орто билим берүү мекемесинин утурумдук ремонтуна 43 000 (кырк үч мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |