Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 9
“Ай-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн смета долбоорун түзүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Ай-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн смета долбоорун түзүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Ай-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн смета 145 370 (бир жүз кырк беш мин үч жүз жетимиш ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |