Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 10
Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин аз комплекстүү классын сактап калуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин 11-классынын окуучуларынын саны аз болуп, башка жакка каттап окуганга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, аз комплекстүү класс катары бекитип берүү боюнча ата-энелердин жана Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору О.Исаковдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айылынын Ак-Терек көчөсүнүн тургундарынын жана Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору О.Исаковдун кайрылуулары эске алынсын.
2. 2020-2021-окуу жылында Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинде окуучулардын контингентин сактап калуу максатында, башка жакка барып окуганга окуучулардын шарттары жок болгондугуна, окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу үчүн 11-класстын окуучуларынын саны 10 окуучу болуп, аз комплекстүү класс болуп сакталып калуусу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ж.А.Накетаевден суралсын. .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин билим берүү, маданият боюнча боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |