Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 11
А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин аз комплекстүү класстарын сактап калуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто мектеби типтүү эмес мектеп болгондуктан, класстарында окуучулардын саны аз, башка жакка барып окуганга мүмкүнчүлүктөрү жок, окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу максатында ата-энелердин жана мектеп директору Г.Турдалиеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Турдалиев, Мырзалиев көчөлөрүндөгү ата-энелердин жана А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Г.Турдалиеванын кайрылуулары эске алынсын. .
2. 2020-2021-окуу жылында А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектеби типтүү эмес мектеп болгондуктан, окуучулардын контингентин, аз комплекстүү класстарды сактап калуу максатында 1”а”-класс 11 окуучу, 4”б”-класс 14 окуучу, 5”а”-13 окуучу, 9-класс 14 окуучу болгондуктан, класстык бөлмөлөрдүн тар болгондугуна, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербегендигинен, каттап окуганга мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугунан, окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу максатында 1”а”-классын, 4”б”классын, 5”а”классын, 9-классын аз комплекстүү класс катары бекитип берүү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ж.А.Накетаевден суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин билим берүү, маданият боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |