Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 12
Терек-Сай айыл аймагынын турмуш шарты оор, ден соолугунан жабыр тарткан тургундарына материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Школьная-2 көчөсүнүн тургуну Зарема Баимбетованын ден соолугуна байланыштуу , Кызыл-Токой айылынын тургуну, жалгыз бой эне Нургул Ибраимованын көзүн дарылатуу үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Школьная-2 көчөсүнүн тургуну Зарема Баимбетовага бөйрөгүн алдыруу үчүн операция жасатууга 50 000 (элүү мин) сом, Кызыл-Токой айылынын тургуну Нургул Ибраимовага көзүн дарылатуу үчүн 30 000 (отуз мин ) сом материалдык жардам жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |