Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 13
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Жаны Кыштак көчөсүндөгү электр чубалгылары тартылган кооптуу столбаларды алмаштырууга жана эски көпүрөнү капиталдык ремонттон өткөрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Жаны Кыштак көчөсүндөгү электр чубалгылары тартылган столбалардын өтө кооптууларын алмаштыруу жана ошол көчөдөгү эски көпүрөнү капиталдык ремонттон өткөрүү керектиги жөнүндөгү жергиликтүү Кенештин депутаты Ч.Орозбаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына Кызыл-Токой айылындагы Жаны Кыштак көчөсүндөгү электр чубалгылары тартылган столбалардын өтө кооптууларын алмаштырууга 66 000 (алтымыш алты мин) сом жана эски көпүрөнү капиталдык ремонттон өткөрүүгө 73 570 (жетимиш үч мин беш жүз жетимиш ) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
5.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |