Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 14
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзалиев, Болуш , Ак-Терек көчөлөрүнө балдар ойноочу аянтча курууга долбоор даярдатууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзалиев, Болуш , Ак-Терек көчөлөрүнө балдар ойноочу аянтча курууга долбоор даярдатуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү ФЭБ башчы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзалиев, Болуш , Ак-Терек көчөлөрүнө балдар ойноочу аянтча куруу үчүн долбоорун даярдатууга 140 000 (бир жүз кырк мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |