Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-декабры № 83
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында Муниципалитеттер аралык кызматташууну уюштурууга макулдук берүү
Кыргыз Республикасынын Жергиликүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын негизинде аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн айылдык аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка, Октябрь жана Кереге-Таш айыл өкмөттөрү менен Муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында катуу турмуш таштандыларды чогултуу жана чыгаруу кызматы аталган айыл аймактардын калкына Теплоключенка айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС” муниципалдык ишканасы аркылуу көрсөтүүгө макулдук берилсин.
2. Теплоключенка, Октябрь, Кереге-Таш жана Челпек айыл өкмөттөрү менен Муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында таза суу системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо, таза суу түтүктөрүн жана скважиналарды ремонтоо, эксплуатациялоо кызматтарын аталган айыл аймактардын калкына Октябрь айыл өкмөтүндө түзүлгөн муниципалдык ишканасы аркылуу көрсөтүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Темиров |