Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-декабры №84
Теплоключенка айыл аймагында алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктердисатууга тыюу салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябры №269 “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде айылдык аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл аймагында алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди төмөнкүдөй жагдайларда сатууга жол берилбесин:
- балдар, билим берүү уюмдарында жана аларга жакын аймактарда, ошондой эле тикеден-тике медициналык мекемелердин аймактарында;
- коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө (жалпы колдонуудагы транспортто);
- маданий уюмдарда, коомдук тамактануу жайларында, дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук жайларда;
- 18 жашка чыга элек адамдарга;
- 18 жашка чыга элек адамдардын;
- массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерде, о.э. чатырларда, контейнерлерде, колдо, лотоктордо, автомашиналарда, бул продукцияны сатуу үчүн ылайыкташтырылбаган башка жерлерде.
2. Алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар жашы болжолдуу 18 жашка жетпеген адамдарга карата төмөнкүгө милдеттүү:
- сатып алуучунун жашын аныктоо максатында инсандыгын ырастоочу документтерди, - жарандын паспортун (ID карта) же аны алмаштыруучу документти көрсөтүүнү талап кылууга (офицердик/аскердик билети, айдоочулук ырастамасы);
- инсандыгын ырастаган документтерин көрсөтпөгөн учурда аларга алкоголдук продукцияларды сатуудан баш тартууга;
- алкоголдук продукцияларды саткан жерлерге 18 жашка толбогон адамдарга, инсандыгын ырастоочу документтери жок адамдарга алкоголдук продукцияларды сатууга тыюу салуу жөнүндө, алкоголдук продукцияларды пайдалануунун зыяндуулугу жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн
Төрага | Э.А.Темиров |