Редакцияот 26.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 XXVII-чакырылышынын 28-сессиясы

 

2020-жылдын 26-январы №2

Айыл аймакта кошумча шайлоо участок түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы №68 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы №98 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. №3122 шайлоо участогунун шайлоочулардын саны 2500 шайлоочудан ашык болгондугуна байланыштуу Ч.Айтматов кичи коңуштун шайлоочулары үчүн бир шайлоо участок түзүлсүн.

2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик катоо реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын козомөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаеге жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.А.Темиров