Редакцияот 29.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 XXVII-чакырылышынын 28-сессиясы

 

2020-жылдын 29-январы № 4

Теплоключенка айыл аймагындажаны табылган археологиялык эстеликтердинаймагын жана аларга жакын жайгашкан жер участокторду пайдалануунун укуктук режимин сактоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Мыйзамына ылайык кылымдар бою сакталып келген тарыхый-маданий мурас объектилерди сактап калуу, туура пайдалануу жана туризмди өнүктүрүү максатында айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1. Теплоключенка айыл аймагында жаны табылган археологиялык эстеликтерди: Ак-Суу жана Ак-Суу 2 көрүстөндөр тобун жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий эстеликтердин тизмесинекиргизилсин.

2. Жаны табылган археологиялык эстеликтердин аймагын жана аларга жакын жайгашкан жер участокторду пайдалануунун укуктук режими сакталсын.

3. Жаны табылган археологиялык эстеликтердин жер участокторун тарыхый-маданий багыты боюнча ажыратуу жана алардын укугун күбөлөндүрүүчү мамлекеттик актысы алынсын.

4. Жаны табылган археологиялык эстеликтердин жер участогунда жана ага чектеш аймактарда жер иштетүү, курулуш, чарбалык жана башка иштердин бардык түрлөрүн жүргүзүүгө тыюу салынсын.

5. Археологиялык эстеликтерди жана алардын ландшафт аймагын сактоо, коргоо жана туризм тармагында пайдалануу боюнча тиешелүү иш чаралар планы иштелип чыксын.

6. Бул токтом айыл өкмөтүнун сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышыайыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.А.Темиров