Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 6
Теплоключенка айыл аймагында киреше алып келүүчү объектилерди курууга макулдук берүү жөнүндө
Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу максатында айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын Ак-Суу механизацияланган жылдырма колоннанын (ПМК) түндүк тарабында 15200 чарчы метр жер тилкесинде киреше алып келүүчү объектилерди куруугамакулдук берилсин.
2. Айылдык кенештин 2019-жылдын 27-ноябрындагы №61 “Айыл аймакта логистикалык борбор ачууга макулдук берүү жөнүндө” токтому күчүн жоготтуу деп табылсын.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнун сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышыайыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Темиров |