Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы №7
Теплоключенка айыл аймагынын2019-2023-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүнСтратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу мененкалкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу максатында айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл аймагынын 2019-2023-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн Стратегиялык планы толуктоолор менен бекитилсин, тиркелет.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнун сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышыайыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Темиров |
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу району
Теплоключенка айыл аймагы
Теплоключенка айыл аймагынын
2019-2023-жылдарга карата
социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн
СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНЫ
Бекитилди
Айылдык кеңештин 2020-жылдын
“____”______ № ____ токтому менен
МАЗМУНУ
1.Теплоключенка айыл аймагынын социалдык экономикалык абалы
1.1. Жалпы географиялык абалы
1.2. Теплоключенка айыл аймагынын өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр жана резервдер
2. Теплоключенка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү көйгөйлөр
Экономикалык маселелер
Социалдык маселелер.
Экологиялык маселелер.
Инфраструктуралык маселелер.
3. Теплоключенка айыл аймагынын өнүгүүсүнүн стратегиялык анализи
4. Теплоключенка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы
4.1. Айыл чарбасынын өнүгүүсүнүн анализи
4.2. Курулуш иштеринин анализи
4.3. Эмгек ресурстарынын өнүгүүсүнүн анализи
4.4. Калкты социалдык жактан коргоонун анализи
4.5. Билим берүү тармагынын өнүгүүсүнүн анализи
4.6. Дене тарбия, спорт жана туризмдин өнүгүүсүнүн анализи
4.7. Коммуналдык чарбасынын өнүгүүсүнө анализ
4.8. Ишмердүүлүктүн тармактарынын жана өзүнчө түрлөрүнүн анализи
4.9. Керектөөчүлөр рыногунун анализи
4.10. Кичи бизнестин өнүгүүсүнө анализ
4.11. Өздүк киреше булактарына болгон анализ
4.12. Укук коргоо ишмердүүлүгүнүн анализи
4.13. Айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты пайдалануу жана туризмдин өнүгүүсүнүн анализи
4.14. Территориалдык өнүгүүнүн анализи
4.15. Айыл аймактын чегинде көрнөк -жарнактарды жайгаштыруунун анализи
5. Стратегиялык анализдин негизги жыйынтыктары
5.1.Ички чөйрөнүн күчтүү жана алсыз жактары
5.2. Мүмкүнчүлүктөрү жана коркунучтары
6. Мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн Теплоключенка айыл аймагынын бардык артыкчылыктарын пайдалануу
7. Теплоключенка айыл аймагын 2023-жылдарга чейин өнүктүрүүнүн негизги максаты жана миссиясы
8. Теплоключенка айыл аймагын 2023-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары
8.1. Социалдык чөйрө
8.1.1. Калкыты социалдык жактан коргоо
8.1.2. Жаштар стратегиясы
8.1.3. Жарнактарды жайгаштыруу
8.1.4. Билим берүү
8.1.5. Дене тарбиясы жана спорт.
8.1.6. Маданият жана искуссвто
8.2. Коммуналдык чарба
8.3. Экология
8.4. Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар
8.5. Айыл аймактын экономикасынын негизги тармактары
9. Стратегиялык планга мониторинг жүргүзүү
10. Теплоключенка айыл аймагынын стратегиялык иш-чараларын ишке ашыруунун мерчеми (тиркеме 1-2)
11. Стратегиялык максаттардын ишке ашырылышынын жыйынтыктарынын көрсөткүчтөрү
12. Стратегияны ишке ашыруунун этаптары
Киришүү
Теплоключенка айыл аймагынын 2023-жылга чейин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы (Стратегия) төмөндөгүлөргө негизделип жазылды:
- өнүгүү стратегиясынын башкы максаты болгон социалдык абалды турукташтыруу. Айыл аймактын калкынын жашоо-шартын жакшыртуу, сапаты менен деңгээлин жогорулатуу;
- райондун социалдык -экономикалык өнүгүү стратегиясы;
- айыл аймакты туруктуу өнүктүрүү, экологиялык коопсуздугун сактоо менен социалдык-экономикалык өнүгүү процесстерин тең салмактуулугун көзөмөлдөө;
- менчиктин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар, чарба субъектилери менен иш алып баруу;
- айыл аймактын өнүгүүсүнө тиешелүү болгон бардык чечимдерди кабыл алууга коомчулукту катыштыруу, алардын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу. Коомчулуктун катышуусуна жол берүү жана аларды баардык коомдук иштерге активдүү катышууга кызыктыруу.
Стратегиялык план айыл аймактын өнүгүүсүнүн көп жылдык жумушчу документи болуп саналат. Себеби ал өзүнө айыл ичинде жүргүзүлүүчү иш-аракеттерди, алардын ар тараптуулугун жана аларда жаралган ар кандай меселелерди, өнүгүүнүн жаңы кадамдарын өзүнө камтыйт. Стратегиялык пландын негизинде иш алып баруу келечектин ачкычы болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндө көптөгөн социалдык-экономикалык маселелердин чечилиши жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан көз каранды . Ал маселелерди көтөрүүдөн мурун, анын чечилүү жолдорун стратегиялык жактан мерчемдөө керек. Бардык социалдык-экономикалык көйгөйлөр стратегиялык жактан тыкыр изилденип, максаттары менен милдеттери, жүргүзүлүүчү иш-чаралары так аныкталып ишке ашырылса, ал аймактын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө алып келет.
Айыл аймакта ишкердүүлүктүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүнүн көбөйүшү, жергиликтүү бюджеттин көбөйүшүнө алып келет. Бюджеттин көбөйүшү менен аймактын экономикалык көрсөткүчтөрү жогорулап, элге кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырат, ошондой эле, жумуш орундарынын көбөйүшү калк арасындагы кедейчиликтин санын кыскартып, жашоо-шарттын жакшырышына алып келет. Бул процесстердин бардыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги тарабынан көзөмөлгө алынып, бирине -бирин ыңгайлаштырып, шарт түзүп берүүсү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугуна алып келет. Аймактын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн стратегиялык пландоо менен айкалыштыруу натыйжалуу жана жемиштүү жетишкендиктерге алып келээри шексиз.
Теплоключенка айыл аймагынын стратегиялык мерчеми - айыл аймактын тургундарынын кызыкчылыктарын, жашоо өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жазылган, коомчулуктун бардык чөйрөлөрүн, ири инвесторлорду, сырттан келген долбоорлорду, бизнес адамдарын ж.б. өзүнө тарта алган, жалпы элге түшүнүктүү, так жана маңыздуу болгон көп жылдык документи. Ошондой эле, бул мерчем айыл аймакты өнүктүрүүнүн көп кырдуу программаларын жана иш чараларын камтыйт.
Стратегия Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевдин жетекчилигинин алдында иштелип чыкты.
1. Теплоключенка айыл аймагынын
социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат
1.1. Жалпы географиялык абалы: Теплоключенка айыл аймагы Ысык-Көл облусунун, Ак-Суу районунун, түштүк чыгышында жайгашкан. Эки айылдан турат: Теплоключенка жана Лесное. Аймактын жалпы территориясы 6762 кв/км. түзүп, деңиз деңгээлинен 1798 м. бийиктикте турат .
Теплоключенка айылы Ак-Суу районунун борбору болуп саналат. Ал Каракол шаарынан 12 км алыстыкта жайгашкан жана Октябрь, Отрадный жана Кереге-Таш аймактары менен чектешет.
1.2.Жаратылыштык-ресурстук шарттары:Айыл аймактын климаттык шарты абдан жагымдуу, тоолуу алкак болгондугуна байланыштуу абасы таза, мээлүүн келет. Тоо этегинде жайгашкан Ысык-Көл ойдуңунун эң кооз жерлеринин бири болуп саналат. Айылдын башындагы Ак-Суу капчыгайында радон суулары чыккан Ак-Суу курорту жайгашкан. Ошондой эле Алтын Арашан, Алмалуу жайлоолору менен белгилүү.
Айыл чарбасына жана мал өстүрүүгө абдан ыңгайлуу, бардык талаа-түздөр сугат суусу менен жабдылган. Сугат системасынын узундугу 89,9 км аралыкты түзөт.
Айыл аймакта жашылча-жемиштердин, мөмөлөрдүн баардыгы өсөт. Мындан сырткары, Теплоключенка арча карагайдын мекени болуп саналат. Токой чарбачылыгы, питомник, дендропарк бар. Ал жерде тал-теректердин, арча-карагайлардын ар кандай көчөттөрү өстүрүлөт.
1.3. Демографиялык абалы жана эмгек ресурстары: Айыл аймактын жалпы калкынын саны 2018-жылдын 1 январында берилген маалыматка ылайык 13428 адамды түзөт. Жалпы Ак-Суу районунун калкынын 48% түзөт. Айыл аймакта 13 улуттун өкүлдөрү жашайт.
Аялдардын саны 7027 адам, эркектердин саны 6401 адам. Эмгекке жарамдуусу 8876 адам. Пенсионерлер 872, майыптар 524, жалгыз бой карылар 22, мектеп жашындагылар 2588, мектеп жашына чейинкилер 1663, көп балалуу үй-бүлөлөр 230, толук эмес үй-бүлөлөр 138, мигранттардын балдары 177, жумушсуздар 518, жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүндө каттоого тургандар 81 адам.
УАМС катышуучулары 1, оорукта эмгектенгендердин саны 8, Ооган коогалаңына катышкандар 6, Баткен коогалаңына катышкандары 18, ЧАЭС 5 адам.
1.4. Экономикасы жана инвестициялык иш-аракеттери: Айыл тургундарынын негизги пайда көрүү булагы болуп мал чарбасы 30%, айыл чарбасы 30%, кызмат көрсөтүү чөйрөсү (соода-сатык, коомдук тамактануу жайлары ж.б.) 40%. Айыл амакта 144 фермердик дыйкан чарбалары, “Заря” айыл чарба үрөнчүлүк кооперативи жана “Элита” , “Луч” үрөнчүлүк чарбалары бар.
Айыл чарба продукцияларын 1880 жеке чарбалар өндүрөт. Алардын басымдуу бөлүгүн картошка ээлейт. Дан эгиндери, чөп өндүрүлүп малга тоют даярдалат. Айыл чарба жерлеринин 1215 га жери себилип, 30.8% дыйканчылык жерлери түзөт. Мындан сырткары жашылча-жемиш, мөмөлөрдү өстүрүшөт.
Мал чарбачылыгы да негизги пайда көрүү булагы. Аймакта 6585 бодо мал, 18020 кой, 1965-жылкы, 13328 канаттуу бар. Айыл өкмөтү тарабынан асыл тукум малдарды көбөйтүү максаты коюлуп, бадаларга букалар сатылып алынган. Алар жашына жараша жаңыртылып турат. Ошондой эле, эт жана сүт багытындагы уйларды көбөйтүү максатында четтен долбоорлорду тартып келишет. Жалпылап айтканда мал чарбачылыгынан тургундар эт, сүт, жумуртка өндүруп келишет.
Малдардын ден соолугуна кам көрүү үчүн ветеринардык пункт жана малдарды жуундуруучу жай салынган. Малдар жеке мал догдурлар тарабынан убагында эмделип, дарылоодон өтүп турушат. Аймактагы бардык бодо малдар идентификациялык каттоодон өткөрүлуп, биркаланган.
Акыркы 3 жылдыкта Теплоключенка айыл өкмөтү көптөгөн долбоорлор менен иш алып барып келет. Инвестициялык каржылоонун негизги булагы болуп Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу саналат. Республикалык бюджеттен дагы жыл сайын социалдык объктилерди каржылоого дем берүүчү гранттар бөлүнүп берилет. Мындан сырткары, жаштар тармагын өнүктүрүү, таза органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, жайыт жерлерин жакшыртуу, кичи ишкердикти жандандыруу жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, таштандыларды чыгаруу боюнча бир топ долбоорлор айыл өкмөтү менен иштешип келет: GIZ, BIO KG, USAID, АРИС, Мерсико, ПРООН, Азия өнүктүрүү сектору, Ассалом жаштар ассамблеясы, Экофонд ж.б.
1.5. Турак-жай жана коммуналдык чарбасы: айыл аймакта райондук мекемелер жайгашкан. Андан сырткары айыл өкмөтүнүн карамагында 11 муниципалдык объект бар, алардын эң негиздүүлөрү: 2 мектеп-гимназиясы, 2 бала бакча, 1 маданий спорт ордосу, 1 чоң стадион кирет.
Айыл өкмөтүнун карамагында 2 муниципалдык ишкана бар: “Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС” жана “Ак-Суу коммуналдык чарба”.
“Ак-Суу-Тазалык-Техсервис МТС” МИ ишканасы айылдын санитардык-экологиялык тазалыгы боюнча иш алып барат жана өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү болгон техникаларга ээ.
“Ак-Суу коммуналдык чарбасы” калкты таза суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды, суу түтүктөрүнүн тарамдарын реабилитациялоо жана аймакты жарыктандыруу, көрнөк-жарнактарды илүү иштери менен алектенет. Калктын 95% ичүүчү суу менен камсыз болуп, 5 % Ак-Суу суусунан алып ичет. Ичүүчү суунун тарамдары жана түтүктөрү толук реабилитациялоодон өтө элек.
Мындан сырткары, айыл өкмөтүнүн карамагында “Ак-Суу-2015” суу пайдалануучулар ассоциациясы түзүлгөн. Ал өзүнө аймактын ирригациялык системасын, ички жана талаа арыктарынын абалын жакшыртуунун, сугат суу менен камсыз кылуунун камтыйт.
1.6. Кичи ишкердик жана керектөө рыногу:Айыл аймакта кичи ишкердик жүргүзүү өсүү тенденциясында. Кичи жана орто бизнес кылуу, соода-сатык түйүндөрүн ачуу жана кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү акырындык менен өнүгүүдө. Айыл аймактын чегинде каттоодон өткөн жеке ишкерлердин саны-1237, ошондой эле “Кереге” жана “Хан тенгри” 2 акционердик коом бар. Азыркы учурда крахмал заводу, картошка салынуучу сеткаларды чыгаруучу цех, токой мөмө-жемиштерин кара иштетүүчү цех, нан азыктарын даярдоочу, пельмен түйүүчү кичи цех жана курулуш тактайларын дайындоочу пилорама иштеп жатат. Ошондой эле, профилакториялык жеке ванналар, бассейндер бар: “Өмүр-Дарыя”, “Ак-Суу кенч”, профилакторий “Ак-Суу” ж.б. Мындан сырткары 5 мончо, ателье, эмеректерди реставрациялоочу цех, чач тегиздеп берүүчү, косметикалык кызмат көрсөтүүчү салондор бар.
1.7. Транспорт жана байланыш: Теплоключенка Каракол-Жыргалаң трассасынын боюнда жайгашкан. Айыл аймактагы транспорттук система автоунааларга ыңгайлуу. Камсыз болуучу жолдордун узундугу 142,5 км түзөт, алардын ичинен 19,8 км же 12% асфальт төшөлгөн. Айыл ичинде жана шаарларга каттоо боюнча коомдук транспорт уюшулган. Ак-Суу Каракол, Каракол Ак-Суу, Каракол Ак-Суу курорт, Каракол Ак-Суу Боронбай хан каттамдарында коомдук транспорт каттайт. Мындан сырткары айыл ичинде транспорттук такси кызматын көрсөтүүчү 3 бригада иштейт: “Айка”, “Ак-Суу”, “Элдик”. Жеке менчиктеги автоунаалардын жалпы саны: жүк ташуучу унаалар 173, жеңил автоунаалар 987, айыл чарба техникалары 128, ат арабалар 200.
Айыл ичиндеги байланыш системасы замандын талабына жараша өсүүдө. Айылдын ар бир тургуну чөнтөк телефонго ээ жана интернет менен байланышуунун, социалдык тармакты колдонууну мыкты билет. Айыл өкмөтүнүн дагы жарандардын кайрылууларын кабыл алуучу 0702 807 806 номерлүү вотсап мобилдик механизми иштейт жана айыл өкмөтү тарабынан аткарылган иш-чараларды социалдык тармактарынын баракчаларына жарыялап турат.
Аймак толугу менен санариптик телеберүүгө өткөн. Айылдын өйдө жагында 14 канал, ылдый жагында 48 канал тартат. Айылдын интернет менен камсыз болуусун Телеком байланыш түйүнү жөнгө салып турат. Мындан сырткары айыл тургундары, газета-журналдарга жазылуу менен бардык маалыматтар менен кабардар болуп турушат.
1.8 Банктык сектор: Айыл аймактын чегинде 3 ири банктын филиалдары элге кызмат көрсөтүп, банктык бардык операцияларды аткарышат: акча которуу, алуу, ипотека, насыя алуу, аманаттарды сактоо, депозиттер, карточка системасы ж.б: 1 - Айыл банк; 2 - РСК банк; 3 - БТА банк. Ошондой эле элге насыя берүүчү кичи кредиттик компаниялар дагы бар: Мол булак, Компоньон, Байлык финанс жана Финка.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын структурасы: Теплоключенка айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын негизинде иш алып барат жана айылдык кеңеште кабыл алынган токтомдорду, ыйгарым укуктарды, жогорку органдардан түшкөн иш кагаздарды жарандардын кызыкчылыгын коргоо жана камсыздоо менен аткарып келет. Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат жана өзүнө тиешелүү өздүк балансы, банктык-эсептик счеттору, бурчтуу штампы, мөөрү бар. Толук аталышы: Теплоключенка айыл аймагынын айыл өкмөтү. 2018-жылдагы бюджети 27 945,6 миң сом түзөт.
Айыл өкмөтүнүн аппаратынын түзүлүшү: айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жооптуу катчы, каржы бөлүмүнүн башчысы жана 12 адис. Андан тышкары 4 адис: мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис, мамлекеттик тил саясаты боюнча адис, муниципалдык менчик боюнча адис жана архивариус келишимдин негизинде иштейт. 12 квартал башчысы калк арасында иш алып барат.
Айылдык кеңеш 21 эл өкүлдөрүнөн турат, 5 туруктуу комиссия түзүлгөн. Айылдык кеңештин алдында жергиликтүү жамааттар эл менен тыгыз иш алып барышат: жаштар кеңеши, аялдар кеңеши, аксакалдар соту жана ардагерлер кеңеши. Кичи коомдук кеңеш дагы түзүлгөн. Теплоключенка айыл аймагынын жергиликүү коомчулугунун Уставы иштелип чыгып, айылдык кеңештин токтому менен бекиген.
Теплоключенка айыл аймагынын өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр
Теплоключенка айыл аймагы Ак-Суу районундагы экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча туруктуу өнүгүү темпи менен айырмаланган ири аймактардын бири. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүчү жердин жалпы аянты 4590га, жайыт жери 1644 га түзөт. Аймактагы “Заря” айыл чарба үрөнчүлүк кооперативи картошканын жана дан эгиндеринин жаңы үрөндөрү менен камсыз кылып турат.
Ысык булактар, радон ванналары, тоонун таза абасы, жапжашыл арча карагайлары эс алуучулардын жана башка аймактардын жашоочуларынын көңүлүн өзүнө буруп келет.
Ак-Суу токой чарбасы жана токой-тажрыйба чарбасы ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн түрлөрүн өстүрүп, жаңы сортторду отургузуп, тажрыйба кылып келишет. Биздин айыл аймакты жана башка региондорду ийне жалбырактуу көчөттөрдүн түрлөрү менен камсыздап келишет.
Теплоключенка айыл аймагында сүт жана эт багытындагы бодо малдары көбөйүүдө. Айылдагы бадалар үчүн айыл өкмөтү тарабынан эт жана сүт багытындагы асыл тукум 3 бука алынды. Айылда сүт алуучу 5 пункт бар.
Айыл аймакта туризм тармагы жакшы өнүгүп келе жатат.
Муниципалдык ишканалар: “Ак-Суу-Тазалык-Техсервис МТС” жана “Ак-Суу коммуналдык чарбасы” . “Ак-Суу-2015” суу пайдалануучулар ассосациясы бар
“Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС” муниципалдык ишканасына таштанды чыгарууга адистештирилген атайын техника алынган.
“Ловал “ үлгүсүндөгү дан оруучу 2 даана комбайн алынды.
Грейдер
Экскаватор жана “ЗИЛ” үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаа
Жаштар паркы курулуп жатат.
Мал жуундуруучу жай жана ветеринардык пункт иштеп жатат.
Жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында борбордук көчөлөргө 3 даана светофор, жол белгилери орнотулду.
Боронбай хан, Жаныбеков, Спортивный көчөлөрүнө асфальт төшөлдү
Ак-Суу суусунун жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү.
Теплоключенка айыл аймагында маданий спорт ордосу жана стадион бар. Айыл өкмөтү спорттун өнүгүүсүнө жана жаштарга өзгөчө көңүл бөлуп келет. Жаштар спорттун көптөгөн түрлөрү менен машыгып, республикалык, эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү болуп жатышат.
Теплоключенка айыл өкмөтүнүн 2017-2020- жылдарга карата коммуникациялык стратегиясы жазылган. Стратегиянын негизинде WhatsApp мобилди механизими аркылуу калк менен кайтарым байланыш жүргүзүү ишке киргизилип, эл байланыш жакшыртылууда.
Теплоключенка айыл өкмөтү USAID, GIZ, BIOKG, АРИС, Мерсико, ПРООН долбоорлору менен иштешип келет. 2018-жылы Ысык-Көл облусунда сүт секторун жогорулатуу боюнча долбоор ишке кирген. Теплоключенка айыл аймагы бул долбоордогу пилоттук аймактардын бири болуп саналат.
Теплоключенка айыл аймагынын өнүгүүсүндөгү жетишкендиктер жаркын келечектен кабар берип турат.
2. Айыл аймакты социалдык-экономикалык жактан
өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр
Теплоключенка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маселелерди 5 топко бөлсө болот: экономикалык, структуралык, социалдык, экологиялык, инфраструктуралык.
2.1. Экономикалык көйгөйлөр
Айыл чарба азыктарына болгон баанын төмөндөшү, айыл чарбасындагы экономикалык мамилелерди жөнгө салуучу бирдиктүү укуктук-ченемдик базанын жоктугу сыяктуу көйгөйлөр дагы деле чечиле элек. Күйүүчу, майлоочу майлардын баасы кымбат, өндүрүлгөн продукциялардын баасы төмөн болгондуктан дыйкандардын, чарбалардын эмгеги акталбай, тескерисинче чыгаша болуп калышууда.Аймактын негизиги көйгөйү айыл чарба азыктарына кепилдик берүүчү сатуу рыногунун жоктугуна байланыштуу, айласыздан четтен келген же жергиликтүү алып сатаарларга өз баасынан төмөн сатууга мажбур болуп калышууда. Бүгүнкү күндө сүткө, этке, дан эгиндерине, картошкага болгон баа элдердин кызыкчылыгына жооп бере албай келет. Күрөөгө коюучу мүлк жок болгондугуна байланыштуу чоң суммадагы насыяларды алууга мүмкүнчүлүктөрү жок.
Аймактын социалдык жашоосунда кичи бизнестин ролу жогорулап жатат. Кайрымдуулук меценаттык ишмердүүлүк тардицияга айланууда.
Тапшырма: айыл аймакта кичи бизнести өнүктүрүү менен жаңы киреше булактарын табууга элди үгүттөө .
2.2. Социалдык көйгөйлөр
Социалдык абалды жакшыртуу саясатын ишке ашыруунун жыйынтыгы менен айыл өкмөтү тарабынан максатту иш чаралар көрүлүп, айыл аймакта демографиялык абал жакшыртылды. (өлүмдүн саны кыскарып, төрөлгөндөрдүн саны көбөйүүдө)
Калктын саны 2017-жылга салыштырмалуу 1245 адамга көбөйөн. (2017-жылы 12183 адам болсо, 2018-жылы 13428 адам болду). Теплоключенка райондун борбору болгондугуна байланыштуу калктын саны ички миграциянын негизинде көбөйүп жатат. Толук эмес үй-бүлөлөрдө балдардын саны 12 адамга чейин көбөйүүдө. (2017-жылы 299 бала болсо, 2018-жылы 311 бала болгон).
Азыркы учурда айыл аймактагы калктын пенсия курагындагылары 5,8%, ал эми 2016-жылы 9,1 % түзгөн. Бул божомолдоолор калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү көбөйүп жаткандыгынан кабар берүүдө. Мындан сырткары аймакта ички жана сырткы миграция өсүүдө. Башка айылдан келген тургундар биздин айыл аймакка турукташууда. Жеке турак жай салуу үчүн жер тилкелери жок. Бир үйдө экиден, үчтөн үй-бүлө жашашат. Көбүнесе өз үйлөрүндө эмес, батирлерде турушат.
Мындан сырткары айыл аймакта 3-6 жаштагы балдарга мектепке чейин билим берүү маселеси толугу менен чечилбей келет. Себеби эл көп бала болгондугуна байланыштуу бала бакчалар жетишпейт. Миңге жакын бала бакча баруу үчүн кезек кутуп турушат. Мектептерде аздык кылат, класстарда балдар ашыгы менен окушат.
Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдап, санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу керек. Жылуу суу, мекемелердин ичине жылуу ажатканаларды орнотуу абзел. С.Киров атындагы гимназия-мектебинин тегеригин курчоо маселеси да бар. Ошондой эле, аймакта дене тарбиясы менне спорт өнүктүрүүгө жакшы көңүл буруу керек.
Бүгүнкү күндө туруктуу жумуш ордулары жок болгондугуна байланыштуу акча табуу үчүн чет жактарга кетип калган адамдардын саны өсүп, көптөгөн балдар, кары адамдар кароосуз калып калууда.
Онкология, кант диабети, кан басымдын жогорулашы, жүрөк, кан тамыр ооруларынын саны кескин түрдө өсүүдө.
2.3. Экологиялык көйгөйлөр
Курчап турган айлана чөйрөнү жана жаратылышты коргоонун башкы максаты экологиялык абалды жакшыртуу болуп саналат. Аймакта теректерди мыйзамсыз кыюу, белгиленбеген жерге таштандыларды таштоо көйгөйлөрү жөнгө салынып келе жатат.
жылы “Ак-Суу Тазалык” МИ ачылып, таштанды жыйноо боюнча адистештирилген унаалар алынды. Айылдан 12 км алыстыкта жайгашкан таштанды жайы мыйзамдаштырылып, уруксаат кагаздары алынган. Бирок, буга карабасатан айыл ичинде тазалык сакталбай келет. Кээ бир тургундар белгиленбеген жерлерге, Ак-Суу суусунун боюна таштандыларды ыргытып салышууда.
Теплоключенка аймагы тоолу, жаратылышы кооз болгондугуна байланыштуу туризм тармагы өнүгүп, элдер боз үйлөрдү тигип, улуттук суусундуктарды, тамак-аштарды жасап, ат мене эс алууларды уюштуруп, чет элдик туристтерди тосуп келишет. Бирок туризмди өнүктүрүү үчүн уюштуруу иштери баш аламан болгондугуна байланыштуу, санитардык-экологиялык ченемдерди сакталбай жакшынакай жайлоолорубуз, жерлерибиз кайрадан эле таштандыга толуп чыга келет. Аймакка келген туристтредин саны эсепке алынбайт, иштеп жаткан курортторго,эс алуу жайларына хронометраж жасалбай келет.
2.4.Инфраструктуралык көйгөйлөр
Айыл аймакта жолдорго кум-таш төгүлүп, түздөлүп, асфальт төшөлүп, акырындык менен жасалып келе жатат. Көчөлөргө ирети менен жарыктандыруу шамдары орнотулууда. Бирок бул жетишкендирге карабастан, жолдорду ондоо, арык системасын калыпка келтирүү, айылды толугу менен жарыктандыруу сыяктуу инфраструктуралык көйгөйлөр дагы деле бар. Айыл өкмөтү менен айылдык кеңештин алдында аймактагы бир катар инфраструктуралык, социалдык, коммуналдык, ирригациялык маселелерди чечүү тапшырмасы бар.
3. Теплоключенка айыл аймагынын өнүгүүсүнүн стратегиялык анализи
Калктын жашоо деңгээлине жана сапатына өзгөчө көңүл бурулат. Калктын негизги көрсөткүчүн эмгекке жарамдуу адамдар түзөт. 2018-жылдын 1-январына карата каттоодо турган жумушсуз адамдардын саны 518 адам болду. Эмгекке жарамдуу адамдардын саны 8876 болсо, эмгекке жараксызы 4552 адам.
Айыл аймакта балдарга билим берүүчү 5 мекеме бар. Алар “Келечек”, “Күн Чубак” балдар бакчасы, “Кыялкечтер” инклюзивдик бала бакчасы, М.Мамакеев жана С.Киров атындагы мектеп-гимназиялары.
Бала бакчаларга 752 бала барат, мектепте 2590 окуучу окуйт. 1-класстан 4-класска чейин окуучулар үчүн бир маал ысык тамак берилет. Бала бакчада үч маал ысык тамак жасалат. Ашканаларына жаңы тиричилик техникалары алынып, мекемелер эмеректер, тиешелүү инвентарлар менен жабдылууда.
Мектептерде 237 мугалим эмгектенет Алардын көпчүлүгү жогорку даражадагы, жасыккан, профессионал педагогдор. Алардын профессионалдуулугу балдардын билим деңгээли менен бааланып келет. 2017-жылы мектепти 243 окуучу бүтүрүп, 100 % орто билимге ээ болгондугу тууралуу аттестаттарын алышкан. Окуучулардын бирдиктүү мамлекеттик экзамендерди тапшыруусу алардын жогорку окуу жайларына тапшыруусуна түрткү болду. ЖОЖ- 197 абитуриент, ОКОЖ - 23 абитуриент, техникалык колледждерге 21 абитуриент тапшырган.
Билим берүү мекемелеринде балдардын ден соолугун чыңдоо жана туура тарбия берүү, спортко кызыктыруу максатында дене тарбия сабагына көп көнүл бөлүнүп келет. Балдар менен спорт жаатындагы таланттуу педагогдор, машыктыруучулар иштешет. Мектеп окуучулары көптөгөн облустук, республикалык, эл аралык мелдештерге катышып, 2016-2018-жылдары спорттун 9 түрү боюнча 1-2-3-орундарды алып келишкен . Жалпысынан спорттун түрлөрү менен 467 бала машыгып келет. Жергиликтүү бюджеттен спортту өнүктүрүү жана жашатар менен иш алып барууга 957,0 сом каралып, керектүү спорттук инвентарлар алынып берилген. Ошондой эле мелдештерге катышууда жол кирелери жана тамак-ашы төлөнуп берилет.
Жаштарды тарбиялоо, сергек жашоону жайылтуу, мекенчилдик сезимди ойготуу, максатында мектеп окуучуларынын, жаштардын катышуусу менен 23 спорттук, таалим-тарбиялык иш -чаралар өткөрүлүп, 467 мектеп окуучулары катышкан.
Айыл аймагыбыздын маданий мурастарын, кайталангыс жаратылыш байлыктарын сактоо жана өнүктүрүү менен чет жактан келген туристтерге сапаттуу ден соолук чыңдоочу спорттук кызматтарды көрсөтө алабыз.
Жыл өткөн сайын жеке үйлөр салынып, капиталдык ремонт жасалып жатат. Бирок элге жеке турак жай курууга жер тилкелери жетишпей келет.Айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу жерлерине трансформациялоого мараторий жарыялангандыгына байланыштуу айыл өкмөтү жергиликтүү калкка жер тилкелерин бере албай келет. Бүгүнкү күндө жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин сурап кезекке турган адамдардын саны 1322 адамга жетти.
Айыл өкмөтү мал чарабачылыгын өнүктүрүү боюнча “Айыл банкы” жана ФРСК банкы аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, элге 10 % насыя берүүнү уюштурган. Бул долбоор 3 жылдан бери иштеп, айылдын эли сүт багытындагы уйларды көбөйтүү үчүн 50 000 сомго чейин 10% насыя алып келишет.
Айыл аймакта ар бир кожолуктун жеке багы бар. Ал алма бактары, бакчалар жаңыртылууга муктаж. Алмалардын, алчалардын, жана башка жемиш бактарынын сортторун жаңыртуу, жашартуу үчүн жакынкы аралыкта питомниктер тыгыз байланыш жүргүзүү керек.
Бардык ирригациялык система СПАнын балансына алынып, сугат суусун туура жана натыйжалуу пайдалануу боюнча иш чаралар иштелип чыкты. Жыл сайын каналдар, арыктар учурдагы ремонттон өткөрүлүп, жасалып жатат. Бирок буга карабастан сугат системасын реконструкциялоо керек. Айыл өкмөтүнүн карамагында сугат суусу жетпеген, эч кандай пайда алып келбеген 67 га жер бар.
Аймакта жеке ишкерлик кылуу , соода-сатык кылуу чөйрөсү өнүгүп жатат. Айылда 72 жеке соода кылуу точкалары, 2 коомдук тамак-аш жайы катталган. Соода түйүндөрүнүн 10 %да керектөөчүлөрдүн бардык муктаждыктары бар. Жергиликтүү калк арасында тамактануу үчүн кафе, ресторандарга, тойканаларга суроо-талаптар бар,бирок бул жайлардын тейлөө маданияты, сервиси төмөн. Мындан сырткары айылда замандын талабы болгон чач тегиздөөчү, косметикалык кызмат көрсөтүүчү салондор, тиричилик техникаларын оңдоп берүүчү, эски эмеректерди жаңыртуучу цехтер, ательелер бар.
Теплоключенка айыл аймагында №350 Каракол-Ак-Суу-Курорт маршруту транспорттук кызмат көрсөтүп келет. Ошондой эле, Теплоключенка-Бишкек каттамында да маршруткалар бар. Айылда транспорттук кызмат көрсөтүүчү “Айка Такси”, “Ак-Суу” такси бригадалары бар. Жолдорго жол белгилери, жол чырактары орнотулган . Бирок жеке таксилердин туура эмес жерлерге токтоп турушу жол кыймылынын коопсуздугуна тоскоолдуктарды жаратып келет.
жылы төмөндөгүдөй коммуналдык кызматтар көрсөтүлдү:
-жолдорго кум-таш, шагыл төгүлүп, түздөлдү;
-көчөлөргө жарыктандыруу шамдары орнотулду, оңдолду;
-көпүрөлөр жасалды;
-жолдорду грейдер менен сүрүү;
-Жаныбеков, Боронбай хан, Спортивный көчөлөрүнө темир-бетон суу ттктру орнолтулду;
-КТКны чогултуу жана чыгаруу;
Ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча дагы иштер жүруп жатат. Айыл өкмөтүнүн карамагында 2,6 км аралыктагы суу түтүктөрү бар.
Көчөлөрдөгү жарыктандыруу шамдарынын лампочкалары алмаштырылып жатат
Мектептердин, бала бакчалардын күзгү кышкы мезгилдерге карата от жагуучу жайларын даярдоо, көмүр менен камсыз кылуу иштерине да өзгөчө көңүл бөлүнүп келет.
Кылмыштуулукка каршы жүргүзүлгөн ар кандай иш чаралардын негизинде кылмыштуулуктун саны кыскарууда. Кылмыштуулуктун бардык түрү боюнча катталган кылмыштардын саны мурунку жылдарга салыштырмалуу аз. Мас абалында кылмыш кылуу, уурдоо, тоноп кетүү, адам өмүрүнө кол салуу сыяктуу кылмыштардын саны кыскарганы менен дагы деле катталууда.
Айыл өкмөтүнүн 2018-жыга карата бюджети 27945, 6 сомду түзөт. Жергиликтүү бюджет салыктардын, салыктык эмес төлөмдөрдүн негизинде көбөйүүдө. Кирешенин негизги булагы болуп, жер үлүшүнө, огород, бакчаларга, транспортко болгон салыктар жана жерлердин ижарага акылары эсептелинет.
№ | Салыктын түрлөрү | 2015-жыл | 2016-жыл | 2017-жыл | 2018-жыл |
1 | А/ч багытындагы жерлердин жер салыгы
| 1626,1 | 1809,6 | 1806,2 | 1634,0 |
2 | А/ч багытындагы эмес жерлердин жер салыгы
| 846,8 | 1062,8 | 1227,2 | 1118,8 |
3 | Огород жана дача участкалар үчүн жер салыгы
| 273,5 | 310.4 | 273,6 | 309,0 |
4 | Транспорт салыгы
| 1560,0 | 1842,5 | 1838,8 | 1966,3 |
5 | Жерлердин ижара салыгы
| 3083,7 | 3534,3 | 4345,0 | 3177,1 |
Салыкты чогултууда бир топ кыйынчылыктар бар. Көпчүлүгү салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгүнө байланыштуу, аларды кыдырууга, үйлөрүнө бир нече ирет барууга туура келет. Салыктардын ө убагында чогулбагандыгы жергиликтүү экономиканын киреше бөлүгүнө зыянын келтирет.
4.Айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы
4.1. Теплоключенка айыл аймагынын айыл чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык (SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
“Сүт секторун жогорулатуу” долбоорунун жайылтылышы Чарбачылыктын кичи формаларынын өнүгүүсү Киреше алып келүүчү чарбанын болушу Айыл чарбасына ыңгайлуу жаратылыштык-климаттык шарттын болушу Өндүрүлгөн а/ч азыктарын сатуу үчүн Каракол шаарынын жакындыгы | Айыл чарба азыктарын сатуу рыногунун жоктугу Айыл чарба азыктарынын баасынын төмөн болушу |
Мүмкүнчүлүктөрү (O) | Коркунучтары (T) |
Экспортко чыгаруу үчүн а/ч азыктарынын көлөмүнүн көбөйүшү Өндүрүлгөн азыктардын сапатынын жакшырышы Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугунун өсүшү Эт жана сүт азыктарынын өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашы. А/ч азык -түлүктөрүн сатуучу атайын соода түйүндөрүнүн уюштурулушу | А/ч азыктарынын баасынын төмөндүгү фермерлердин жашоо турмушунун начарлашына алып келет. Айыл чарбачылыган жаратылыштык факторлордун таасир этиши |
Жыйынтыгында көйгөйдү чечүүнүн стратегиялык максаттары жана тапшырмалары келип чыгат.
Максаты:
Чарбачылыктын кичи формаларын жана жеке чарбачылыктын өнүгүүсүнө шарт түзүү
Мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана малга болгон ички суроо-талапты өнүктүрүү
Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү тармактарды өнүктүрүү ( Сүт, эт, жашылча жемиштерди кайра иштетүү)
Айыл аймактын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү менен элдин жашоо шартын жакшыртуу
Айыл аймактын социалдыэкономикалык өнүгүүсүн турукташтыруу
Тапшырмасы:
Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча инвесторлорду тартуу
Инвестициялык долбоорлорду максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу
Айыл чарба азыктарын сатуучу атайын соода түйүнүн ачуу
4.2. Теплоключенка айыл аймагындагы курулуш иштеринин стратегиялык
(SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
Турак жай алууга ипотекалык насыялардын берилиши Курулуш жасоого жердин, жаратылыш ресурстарынын болушу | Турак жайлардын кымбат баада болушу Калктын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү Курулуш материалдарынын кымбаттыгы Жекетурак жай курууга жер тилкелеринин трансформация болбой жаткандыгы Калктын үй сатып алууга акчасынын жоктугу |
Мүмкүнчүлүктөрү (O) | Коркунучтары (T) |
1.Жеке турак жай салууга жер тилкелеринин бөлүнүп калышы | 1.Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бир категориядан экинчи категорияга которууга уруксаат берилбей калышы |
Максаты:
Үй салууга жер тилкелерин бөлүп берүү жана керектүү социалдык обьектилерди коргоп калуу менен элдин жашоо деңгээлин , сапатын жакшыртуу
Тапшырмасы:
Ипотекалык насыянын механизмдерин колдонуу
.Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бир категориядан экинчи категорияга которууга аракет кылуу
4.3.Айыл аймактын эмгек ресурстарынын стратегиялык (SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
Эмгек ресурстарынын болушу | 1.Жогорку квалификациялуу адистердин эмгек маянасынын аздыгына байланыштуу чет жактарга кетип калышы 2.Орто кесипке ээ болгон адистердин (электриктер,тигүүчүлөр, электро-газосварщиктер ж.б.) жана жогорку билимдүү кээ бир адистердин (врачтар, бухгалтерлер, программисттер ). жоктугу 3.Аялдарды жумуш менен камсыз кылуу маселеси |
Мүмкүнчүлүктөрү (О) | Коркунучтар (Т) |
Айыл аймакта транспорт жана байланыш жакшы өнүккөндүгүнө байланыштуу башка жактан жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын тартуу . 2.Орто кесиптик профессионалдык кадрларды даярдоо ( тигүүчү, ашпозчу)
| Замандын талабына ылайык технологиялар өнүккөндүгүнө,байланыштуу кээ бир жогорку квалификациялуу кадрлардын жумуш ордун кыскартуу Жаңы технологияларды киргизүү жана жайылтуу боюнча адистердин керектүү убакта жок болуп калгандыгы |
Максаты:
1. Өндүрүштү жандандыруу жана өнүктүрүү үчүн бардык эмгек ресурстарын пайдалануу.
2. Эмгек биржасында суроо талап бар болго, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.
Тапшырма:
1. Жогорку квалификациялуу кадрлардын чет жакка кетип калуусун кыскартуучу иш-чараларды иштеп чыгуу
2. Айыл аймакта эмгек рыногун чоңойтуу үчүн кичи бизнести жана жеке менчиктин ар кандай формаларын өнүтүрүү.
4.4. Калкты социалдык жактан коргоонун стратегиялык (SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
Калкты социалдык жактан коргоого жергиликтүү бюджеттен туруктуу акча каражатынын бөлүнүп турушу Калкты социалдык жактан коргоонун ар кандай формаларын жайылтуу Социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапатынын жакшырышы | Калктын социалдык колдоо көрсөтүүчү катмарынын өсүшү ( пенсионерлер, майыптар, аз камсыз үй-бүлөлөр, томолой, жарым жетимдер, кароосуз калган кары адамдар жана балдар) |
Мүмкүнчүлүктөрү (О) | Коркунучтар (Т)
|
Жардамга муктаж болгондорго мектеп окуучуларынын жардам көрсөтүүсүн уюштуруу . 2.Турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга материалдык, психологиялык жардам көргөзүү 3.Калкка социалдык колдоо көргөзүү боюнча демөөрчүлөр, меценаттар, кичи бизнес ээлери менен иш алып баруу, социалдык жардам көргөзүүнун сапатын жакшыртуу 4. Турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга социалдык колдоо көргөзүү үчүн фонд түзүү 5.Көп профилдүү, социалдык колдоо көргөзүүчү кризистик борбор ачуу | 1. Калкты социалдык жактан коргоо акча кражатынын бөлүнбөй калышы 2. Социалдык колдоого муктаж болгон адамдарды каржылоого жергиликтүү бюджеттин каражатынын жок болушу, кедейчиликтин деңгээлин жогорулатат. 3. Мигранттардын балдарынын көбөйүүсү 4. Колдоо көрсөткөн демөөрчүлөрдүн, меценаттардын жок болуп калышы |
Максаты:
1. Калктын кедей жашаган катмарынын санын кыскартуу
2. Социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу
Тапшырмасы:
Социалдык колдоого муктаж болгон адамдарга кызмат көрсөтүүчү жаңы кызматтарды иштеп чыгу
Социалдык жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү, алардын жашоо шартын жакшыртуу
Турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдар, кароосуз калган балдар, кары адамдар, майыптар үчүн көп профилдүү кризистик борбор ачуу
Жаштардын, мектеп окуучуларынын арасынан жардамга муктаж болгон адамдарга үйүнө барып социалдык жардам көргөзүүчү топ түзүү (Боорукелер тобу) .
Калкка социалдык колдоо көргөзүү иштерин улантуу
Майыптарды жана кары адамдарды тейлөөчү жаңы формаларды киргизүү
Фостердик үй-бүлөлөрдүн түзүлүүсүнө көмөк көргөзүү
4.5. Айыл аймакта билим берүүнүн стратегиялык (SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
Ваканттык орундардын жоктугу Күчтүү адистердин, педагогдордун иштеши | 1.Жаш кадрлардын билим берүү системасында кызыкпагандыгы 2. Мектепке чейин билим берүүнун жетишсиздиги, бала бакчанын жоктугу |
Мүмкүнчүлүктөрү (О) | Коркунучтар (Т)
|
1.Билим берүү мекелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо. 2.Каникул учурунда мектеп окуучуларын мектепти жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине аралаштыруу, бош убактыларын туура өткөрүүнү уюштуруу 3. Жаңы бала бакча салуу, бала бакчалардын эски корпустарын капиталдык ремонттон өткөзүү аркылуу мектепке чейинки билим алуунун уюштуруу | Башка жакка кетип калуунун себебинен , төрөлгөн балдардын аздыгынан окуучу балдардын санынын азайып кетиши. Окуучулардын билим сапатынын төмөндөшү Балдары мектепке чейинки билим алууну каалаган ата-энелер менен бийликтин ортосундагы чыр-чатактар. |
Максаты:
1.Калктын бардык катмары жеткиликтүү, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү
Тапшырма:
1. Билим берүү системасы жагымдууимиджге ээ болуусуна көмөктөшүү
2. Мектепке чейинки билим алууну камсыздоо
3. Бала бакчаларда электрондук кезекке турууну уюштуруу
4. Мектердин, бала бакчалардын материалдык-техникалык жана ресурстук базасынын чыңдалышына көмөк көргөзүү
5. Окуучулардын ден соолугун чындоо, социалдык колдоо көрсөтүү системасын сактап калуу жана жайылтуу
6. Бүтүүрүчүлөрдүн кесип тандоосуна багыт берүү , жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн алгачкы билим алуусуна көмөктөшүү .
7. Мектептерде ата-энелер менен мугалимдер маалымат алмашуу үчүн электрондук маалымат борборлорун ачуу
4.6.Айыл аймактын маданиятынын өнүгүүсүнүн стратегиялык (SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
Маданиятты өнүктүрүүгө жашоочулардын кызыгуусу Айыл аймакта көп улуттун өкүлдөрүнүн жашайт Маданий, тарыхый мурастар, эстеликтер бар Маданий спорт ордосу бар. Туризмди өнүктүрүү боюнча маалымат борбору ачылган. | Социалдык жактан корголбогондугу 2.Материалдык-техникалык базанын жоктугу 3. Буга чейин сакталып келген тарыхый маданий мурастарга кош көңүл мамиле кылуу |
Мүмкүнчүлүктөр (О) | Коркунучтар (Т) |
1 .Маданий спорт ордосунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо Айыл аймакта жашаган элдердин маданиятын сактоо жана өнүктүрүү үчүн “Достук” маданий борборун уюштуруу Айыл аймакта жашаган улуттурдын арасында ар кандай майрамдык иш-чараларды, кароо-сынактарды уюштуруу “Манас” паркын тарыхый маданий комплекс катары жасалгалоону улантуу | Этникалык аздыктардын айыл аймактан көчүп кетиши |
Жыйынтыгында көйгөйдү чечүүнүн стратегиялык максаттары жана тапшырмалары келип чыгат.
Максаты:
Айыл аймакта жашаган ар улуттун маданий мурастарын сактап калуу жана өнүктүрүү
Экотуризмди, этнотуризмди жандандыруу
Тапшырма:
1.Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу
2. Айыл аймакта жашаган ар улуттун маданий мурастарын, салт- санааларын сактоо максатында маданий борбор ачуу
3. Теплоключенка айылында фольклордук ансамбль уюштуруу
4. Айыл аймакта жашаган улуттура арасында ар кандай кароо- сынактарды, иш-чараларды уюштуруу .
5. Белгисиз жоокердин эстелигин реставрациялоо
4.7. Айыл аймакта дене тарбия жана спорттун өнүгүүсүнүн стратегиялык (SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
Маданий спорт ордосу, кичи футбол аянчалары бар. Облустук райондук, айылдык масштабда спорттук иш чаралардын, мелдештердин көп уюштурулушу Спорт менен машыккандардын саны 23 % га өстү | 1.Спортту өнүктүрүүдө систематикалык даярдыктын, машыктыруучулардын , судьялардын жоктугу. 2.Спорттук курулмалардын материалдык-техникалык базасынын эскирип, колдонуудан чыгып калышы |
Мүмкүнчүлүктөрү (О) | Коркунучтар (Т) |
. Спорттун ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу Спортту өнүктүрүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу Ар кандай спорттук мелдештерди, турнирлерди, жолугушууларды өткөрүү Эл аралык мелдештерге катышуу | 1.Эмгек маянасы аз болгондугуна байланыштуу мыкты машыктыруучулардын чет жактарга кетип калышы 2.Машыктыруучулар, мыкты тренердик состав жок болсо, спорт менен машыккан жаштардын саны кескин түрдө азаят
|
Жыйынтыгында көйгөйдү чечүүнүн стратегиялык максаттары жана тапшырмалары келип чыгат.
Максаты :
1. Калктын бардык катмарын, өзгөчө балдарды жана жаштарды дайыма спорт менен машыгууга үгүттөө
2. Дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү менен сергек жашоо образын пропагандалоо жана калкты ден соолугун чыңдоого чакырык жасоо
3. Жаш өспүрүмдөрдү спорттун түрлөрүнө тартуу менен ден соолукту чындоого, терс көндүм адаттардан арылууга тарбиялоо .
4. Спорттук оюндарга кызыккандардын санын көбөйтүү
Тапшырма:
Дене тарбиясын өнүктүрүү менен элдин ден соолугун чыңдоо
Калктын дене тарбиясына жана спортко болгон мамилесин жакшыртуу
3.Айыл аймакта эң жакшы спорттук традицияларды калыптандыруу
4.Дене тарбиясы жана спорт менен машыккан адамдардын санын көбөйтүү
5.Маданий спорт ордосунда кызмат көрсөтүүлөрдү сапаттуу уюштуруу
4.8. Айыл аймакта коммуналдык чарбалардын өнүгүүсүнүн стратегиялык
(SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
Ичүүчү суу менен “Ак-Суу коммуналдык чарбасы” МИ камсыз кылат | Ичүүчү суунун түтүктөрүнүн жана канализация тарамдарынын эскилиги Саркынды сууларды тазалоо курулмаларында авариялык абал жаралып, ичүүчү суу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Ичүүчү суу тарамдарын реконструкциялоо Евразиялык банк тарабынан каржыланбай калышы. |
Мүмкүнчүлүктөрү (О) | Коркунучтар (Т) |
Суу сактоочу жай куруу үчүн жер тилкесин бөлдүруп алуу Саркынды сууларды тазалоо курулмаларын салуу боюнча документтердин дайындалышы Жолдорду, тратуарларды жасоо, көчөлөрдү жарыктандыруу Ассенизатордук автоунаа алуу, аны менен элге кызмат көрсөтүү | Азык-түлүк азыктарынын, кийим кеченин, башка өндүрүш товарларынын баасы кымбат, айыл чарба азыктарынын баасы төмөн болгондугуна байланыштуу элдер сууга болгон төломдордү өз убагында төлөй албай калышы |
Жыйынтыгында көйгөйдү чечүүнүн стратегиялык максаттары жана тапшырмалары келип чыгат.
Максаты:
Калкты ичүүчү суу жана электроэнергиясы менен тынымсыз камсыз кылып туруу
Чарбалык обьектилерди, шкана, мекемелерди менчигинин түруно карабастан суу менен камсыз кылуу Снабжение населения и предприятий коммунальными услугами необходимого количества и качества.
Канализациялык системаны жакшыртуу
Коммуналдык кызмат көрсөтүүгө кеткен каражатты азайтуу
Айыл аймактын айлана-чөйрөсүн, жаратылышын жакшыртуу жана коргоо
Тапшырма:
1.Калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу
2.Сууну сарамжалдуу колдонуу үчүн суу эсептегичтерди орнотуу
3.Саркынды сууларды тазалоо курулмаларын куруу
4.9. Муниципалдык ишканалардын өнүгүүсүнүн жана муниципалдык менчикти башкаруунун стратегиялык (SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
I. Муниципалдык ишкана жана муниципалдык менчик | |
Муниципалдык менчикте кыймылсыз, кыймылдуу мүлктүн болушу Жер, суу ресурстары бар . Жашабай турган кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүү Айыл аймактагы бошотулган жер ресурстарын муниципалдык менчикке өткөрүү жана натыйжалуу пайдалануучуларга ижарага берүү | Муниципалдык менчиктеги кыймылдууу жана кыймылсыз мүлктөрдү максатсыз пайдалануу Муниципалдык менчиктеги мүлктөрдүнэскилиги, пайдаланууга жараксыз болуп калышы Бошотулган жер ресурстарынын ар кайсы жерде жайгашып калышы . |
Жыйынтыгында көйгөйдү чечүүнүн стратегиялык максаттары жана тапшырмалары келип чыгат.
Максаты:
Муниципалдык менчикти жана муниципалдык ишкананы натыйжалуу башкаруу
Муниципалдык менчиктеги жерлерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү
Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча программаны иштеп чыгуу
Тапшырма:
Муниципалдык менчикти инвентаризациялоо ишинбүткөрүү жана укукка ээ болуучу документтерди дайындоо
Муниципалдык менчикти оперативдүү жана чарбалык пайдаланууга берүү эрежелерин иштеп чыгуу
4.10. Айыл аймакта керектөө рыногунун өнүгүүсүнүн стратегиялык (SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
1.Коомдук тамак-аш жайларынын , соода -сатыктын өнүккөндүгү 2. Жаратылыш, адам ресурстарынын болушу | 1. Сырткы инвесторлордун жоктугу 2. Сервистик кызмат көрсөтүүнүн жоктугу |
Мүмкүнчүлүктөрү (О) | Коркунучтар (Т) |
Инвесторлорду тартуу Айыл аймакта калкка кызмат көрсөтүүнү уюштуруу, ички соода сатыкты жакшыртуу. Бардык эмгек ресурстарын пайдалануу жана элди жумуш ордулары менен камсыз кылуу Биринчи керектөөчү азыктарды жергиликтүү өндүрүштө өндүрүү Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү (эт, сүт,нан азыктары, токой өндүрүшү).
| Финансылык кризиске байланыштуу керектөөчүлөрдүн санынын азайышы |
Жыйынтыгында көйгөйдү чечүүнүн стратегиялык максаттары жана тапшырмалары келип чыгат.
Максаты:
Соода-сатык рыногун көбөйтүү, коомчулуктагы бардык эмгек ресурстарын пайдалануу
Заманбап керектөө рыногун түзүү үчун инвесторлорду тартуу
Айыл аймактагы калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу, жумуш орундары менен камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү жана соода түйүндөрүн көбөйтүү .
Тапшырма:
КР Мыйзамдарына ылайык соода кылууга уруксат берүүчү лицензиялардын алынышын, талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө.
Керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо, сапатсыз, мөөнөтүнөн өтүп кеткен товарларды сатыкка чыгарбоо.
Жеке ишкерлик кылууга, инвестиция тартууга шарт түзүп берүү.
4.11. Айыл аймакта кичи бизнестин өнүгүүсүнүн стратегиялык (SWОТ) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
Айыл аймакта элге кызмат көрсөтүүнүн жана кичи бизнестин өнүгүшү | бизнес объектилерин жайгаштырууга бош аянттардын жоктугу Элдин бизнес ачууга акчасынын жоктугу, золггго койгонго каражаты жок насыя ала албайт |
Мүмкүнчүлүктөрү (О) | Коркунучтар (Т) |
Социалдык чөйрөдөгү кичи бизнестин жаңы түрлөрү Кичи ишкердикти колдоо боюнча жаңы инфраструктуралардын түзүлүшү ( маалымат борборлору,керектөөсүлөрдүн кооперативи ж.б.у.с.)) | 1.Электроэнергиясына, күйүүчү майга болгон баалардын кымбаттыгы 2. Конкуренция Криминал чөйрөсүнүн коркутуулары |
Максаты:
1.Кичи бизнес ээлерин жеке муниципалдык өнөктөштүктүн негизинде бирге иш алып барууга чакыруу
Айыл чарба продуктыларын өндүрүү жана кайра иштетүү;
Кызмат көрсөтүү:коммуналдык, турмуш-тиричиликтик, медициналык ,соода-сатык, коомдук тамактануу, дене тарбия жана спорт ж.б
Даярдоо ишмердүүлүгү
2.Тышкы рыгокторго чыгуу
Тапшырма:
Инфраструктураны өнүктүрүү жана ишкерлерге колдоо көргөзүү, кичи ишкердиктин бардык түрлөрү боюнча комплекстүү иш алып баруу.
Социалдык чөйрөдөгү кичи бизнести жандандыруу
Кичи жана орто бизнес өкүлдөрүн ар кандай программаларга катыштыруу
Сайттагы маалыматтарды жаңыртып туруу
4.12. Айыл аймактын жеке киреше булактарынын стратегиялык (SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
Ресурстардын болушу, муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү жана мамлекетик фондусунун жерлерини туура пайдалануу аркылуу бюджеттин толукталышы | Салыктардын өз убагында чогулбай калышы Салык төлөөчүлөрдүн жоопкерчиликсиздиги |
Мүмкүнчүлүктөрү (О) | Коркунучтар (Т) |
Айыл өкмөтүнүн экономикасында резервдердин болушу Өнөр жай жана айыл чарба ишканаларын , кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, жумуш орундарын көбөйтүү Социалдык чөйрөгө багытталган бюджет саясатын жүргүзүү: - айыл аймактагы саламматтыкты сактоого, билим берүү системасына, калкты социалдык жактан коргоого жана экологиялык коопсуздукту сактоого көмөктөшүү | 1.Бюджеттик базаны түзүүчү киреше булактарынын азайышы,экономиканын өнүгүп жаткан тармагында эмгек акылардын өсүүсүн стимулдаштыруу |
Жыйынтыгында көйгөйдү чечүүнүн стратегиялык максаттары жана тапшырмалары келип чыгат
Максаты:
Салык төлөө базасын кеңейтүү.
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин өзүн-өзү камсыздоосун көтөрүү
Өндүрүштү өнүктүрүү (өнөр жай, айыл чарбасы ж.б.)
Айыл чарбасын жана айыл чарба азыктарын карйа иштетүүнү өнүктүрүү .
Тапшырма:
1. Бюджеттин киреше булагын көбөйтүү үчүн чарба субъектилердин финансылык-экономикалык абалын жакшыртууга көмөктөшүү
2. Кичи жана орто ишкердүүлүктү өнүктүрүү
3. Бизнестерди мыйзамдаштыруу
4. Муниципалдык менчикте турган мүлктөрдү, жер фондуларын натыйжалуу пайдалануу, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү көбөйтүү үчүн инвесторлорду тартуу
5. Бардык салык төлөөчүлөрдүн эсебин алуу, ыктыярдуу патент төлөөчүлөр менен тыгыз иш алып баруу
4.13. Айыл аймактагы тартип жана укук коргоонун стратегиялык (SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
Айыл аймактагы социалдык-экономикалык туруктуу абал Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ограны менен укук коргоочу органдын тыгыз иш алып барышы | 1. Жумуш орундарынын жоктугу 2. КПБ начар иштеши 3. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн көбөйүүсү 4. Кылмышка барган балдардын байкалышы |
Мүмкүнчүлүктөрү (О) | Коркунучтар (Т) |
1.Өзгөчө кырдаалдар учурунда тез арада ыкчам түрдө болгон күчтү жана каражатты айыл өкмөтүңо чогулта калуу жөндөмдүүлүгү 2.Айыл аймакта криминалдуу жагдай жаралганда коомдук тартипти сактоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү. Билим берүү мекемелери жана башка ишканалар, элдер менен тыгыз иш алып баруу | 1. Укук коргоону камсыздоо боюнча иш чаралардын төмөндөп кетиши 2. Ички жана сырткы миграция |
Максаты:
1. Эктремисттик, террористтик көрүнүштөрдү алдын-алуу, кыскартуу
2. Айыл аймакта коомдук тартипти, мыйзамдуулукту орнотуу, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо
3. Баңгилик жана ичимдик ичүүгө каршы күрөшүү
4. Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту , укук бузууларды алдын алуу
5. Өзгөчө кырдаалдардын жаралуу коркунучун алдын алуу
6. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо
7. Өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам чара көрүү деңгээлин жогорулатуу
Тапшырма:
А/өкмөтү менен укук коргоо органдарынын бирдиктүү иш алып бааруусун координациялоо
Райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аймакта жарандардын укугун коргоо, коомдук тартипти, мыйзамдуулукту орнотуу боюнча иштерине анализ жүргүзүү, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо
4.14 Айыл аймакта курчап турган чөйрөнү жана жаратылышты коргоонун стратегиялык (SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
1.Калктын жашоо шартынын сапатын жакшырышы 2.Жерлердин болушу 3.Жаратылыштык коргоо объектилери бар (суу топтоочу жай, таштанды полигону) | 1. КТК туш келди ыргытуудан курчап турган чөйрөнүн, суулардын булганышы 2. Акыр-чикирлерди бир жерге топтоо үчүн тазалоо курулмаларына ашыкча акча каражатынын кетиши |
Мүмкүнчүлүктөрү (О) | Коркунучтар (Т) |
Курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн инвесторлорду тартуу Саркынды сууларды тазалоо курулмаларын салуу Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү Курчап турган чөйрөнү жана жаратылышты коргоо боюнча өз убагында аткарылган иштер жакшы жыйынтыкка алып келет. | Ак-Суу дайрасынын булганышы Жаңы ачылган айыл чарба ишканаларынын курчап турган чөйрөгө тийгизген терс таасири Саркынды сууларды тазалоо курулмаларын салууга каражаттын жок болуп калышы
|
Жыйынтыгында көйгөйдү чечүүнүн стратегиялык максаттары жана тапшырмалары келип чыгат
Максаты :
Курчап турган чөйрөгө тийгизген терс таасирлерди азайтуу
Суу пайдалануунун көлөмүн оптималдаштыруу
Жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу
КТК жок кылуу жана зыянсыздандыруу
Тапшырма:
Муниципалдык экологиялык көзөмөлдөө чараларын ишке ашыруу
Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу
Ичүүчү сууну пайдаланууга эсептегичтерди орнотуу
Саркынды сууларды тазалоо курулмаларын салуу
Калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу
Ак-Суу дайрасынын жээгин санитардык тазалоо, бекемдөө жана айыл аймакты жашылдандыруу иштерине элди дайыма катыштыруу
4.15. Айыл аймактын территориалдык өнүгүүсүнүн стратегиялык (SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
|
Айыл аймактын калкынын жашоо деңгээли жакшы Айыл аймакта транспорттук кызмат көрсөтүү жана байланыш системасы бар Көрктөндүрүүнүн деңгээли жакшы Борбордук суу менен камсыздоо системасы, саркынды сууларды тазалоо курулмалары бар Муниципалдык менчик бар Айыл аймактын социалдык-экономикалык абалынын жакшырышы, социалдык долбоорлорду кажылоо мүмкүнчүлүгүнүн болушу | айыл өкмөтүнүн бюджетинин каражатынын жетишсиздиги Кичи бизнес начар өнүккөн Тазалоо курулмаларынын абалы начар Ирригациялык система капиталдык ремонттон өтө элек Ичүүчү суу тарамдарын капиталдык ремонтко муктаж |
|
Мүмкүнчүлүктөрү (О) | Коркунучтар (Т) | |
Жумушсуз калкты кичи бизнес кылууга тартуу, жеке чарбалардын өнүгүүсүнө көмөктөшүү Инвесторлорду тартуу | Демографиялык абалдын өзгөрүшү, эмгекке жарамдуу адамдарга караганда жараксыз адамдардын санынын өсүүсү .
| |
Жыйынтыгында көйгөйдү чечүүнүн стратегиялык максаттары жана тапшырмалары келип чыгат
Максаты:
1.Жаратылыш, өндүруш ресурстарын, кадрлар потенциалдарын туура пайдалануу менен айыл аймактын социалдык-экономикалык туруктуу өнүктүрүү
2.Калктын жашоо сапатын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү
3.Айыл аймакта өндүрүштүн ар кандай түрлорун ачуу жана өнүктүрүү
4. Айылда жашоого шарт түзүү
Тапшырма:
Аймыл аймакта өндүрүштү өнүктүү үчүн инвестиция тартуу
4.15. Айыл аймакта элди маалымат менен камсыздоонун стратегиялык (SWOT) анализи
Күчтүү жактары (S) | Алсыз жактары (W) |
|
Айыл өкмөтүнүн коммуникациялык стратегиясы түзүлгөн. WHATSAPP мобилдик мехнизими иштейт. Айыл өкмөтүнүн сайты түзүлгөн. Бюджетти түзүү жана стратегиялык пландоо боюнча коомдук угуулар өтүлүп турат. Элге маалымат жеткирүү үчүн райондук гезит, облустук телекөрсөтүү пайдаланылат Айыл аймакка санарип теле берүүсү орнотулган | Калктын маалымат менен толук камсыздалбай калышы. Кары адамдар менен байланыш жүргүзүүнүн альтернативалык жолунун жоктугу Электрондук жарнамалык такталардын жоктугу (билбордор, ЛЭД экраны) Көйгөйлордү аныктоо үчун сурамжылоо анкеталарын (анкета, бизнес анкета,интервью) алуу оор Кыдыр Аке көчөсүнөн өйдө карай санарип жакшы тартпайт. |
|
Мүмкүнчүлүктөрү (О) | Коркунучтар (Т) | |
Теплоключенка айыл өкмөтүнүн ишин ачык айкын алып баруу, бардык маалыматтар менен элди кабардар кылып турууну жакшыртууга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү Санариптик телеберүүнун сапатын жакшыртуу | Жаратылыш катаклизмдер Бюджеттен каржылоо булактарынын жок болуп калуу | |
Жыйынтыгында көйгөйдү чечүүнүн стратегиялык максаттары жана тапшырмалары келип чыгат
Максаты:
Элди маалымат булактарынын ар кандай түрлөрү менен элди кабардар кылып туруу
Тапшырма:
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга маалымат жеткирүүнүн жолун издөө
Электрондук жарнама такталарын орнотуу.(билборддор ,ЛЭД экрандар)
Айылдагы көйгөйлөрдү аныктоо максатында элден сурамжылоо жүргүзүү( анкета, бизнес анкета, интервью)
4.Кыдыр Аке көчөсүнөн өйдө карай санарип телеберүүсүн сапатын жакшыртуу
4. Стратегиялык анализдин жыйынтыгы
Стратегиялык (SWOT) анализдин негизги максаты айыл аймактын өнүгүүсүнүн күчтүү жактары менен мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо болуп саналат.
SWOT анализи аркылуу айыл аймактын бардык кырдаалдарда өнүгүүсүнүн күчтүү, алсыз жактары, мүмкүнчүлүктөрү менен коркунучтары жана 2023-жылга чейинки көрсөткүчтөрү аныкталып, стратегиялык максаттары, тапшырмалары иштелип чыкты
Ички чөйрөнүн күчтүү жана алсыз жактары
Факторлор | Күчтүү жактары | Алсыз жактары |
Географиялык абалы | Башка айылдар, облусттун борбору, башка шаарлар менен транспорттук байланыш бар | Борбордон алыстыгы 440км алыстыкта жайгашкан |
Калкы | 2019-жылдын 1-январына карата калктын саны 13456 адам. Эмгекке жарамдуулардын саны-8876 адам, калктын 66,1% түзөтб Балдардын саны -3224. Пенсионерлер-872, майыптар -524,иш менен камсыз болгондордун саны-8358 адам. | Жогорку дараметтүү адистердин жетишсиздиги, алардын чет жактарга кетип калышы. Тажрыйбалуу жумушчулардын картайышы Ички жана тышкы миграция |
Же ресурстары | Айыл өкмөтүндө жалпысынан 6918 га жер бар. Алардын 47,33 га- айыл чарба багытындагы жерлер, мамлекеттик фондунун жери-1496 га | Пайдаланууга жараксыз 67 Га жер бар. |
Экология | Жайыт жерлери, суусу, токою, тоосу бар | Экологиянын булганышы. |
Социалдык чөйрө жана жашоонун сапаты | Айыл аймакта социалдык чөйрө өнүккөн. Аз камсыз үй бүлөлөргө колдоо көргөзүүчү демөөрчүлөр, меценаттар бар. Айыл өкмөтүнүн коммуникациялык стратегиясы иштелип чыккан, WHATSAPP мобилдик механизими ишке киргизилген. Айыл өкмөтүнүн сайты бар. Санарип телеберүүсү орнотулган. | Ички жана тышкы миграция Кароосуз калган балдардын, кары адамдардын , турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн санынын өсүүсү. 3 жаштан 6 жашка чейинки балдардын мектепке чейинки билим ала албай жатышы. Мектептерде класстардын тотуралыгы Элдин толук маалымат албай калышы,электрондук жарнамалык такталардын жоктугу (лед экран, электрондук табло, билборд), сванарип телеберүүсүнун сапатын жакшыртуу |
Инфраструктура | Тазалыкты сактоо боюнча, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, сугат суусун пайдалануу боюнча муниципалдык ишканалар түзүлгөн. Жолдорго асфальт төшөлүшү Байланыштын жана байланыш түйүндөрү бар Суу жана канализация тарамдары бар | Муниципалдык жерлер толугу менен инвентаризациядан өтө элек. Теплоключенка айылынын борбору көрктөндүрүлгөн эмес. Айылды ичүүчү суу таза эмес, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар абалы начар |
Айыл аймактын экономикасыны негизги тармактары | Өндүрүш: кичи жана орто бизнестин өнүгүүсү; сырьелордун болушу;
| -чийки заттарды кайра иштетүүчү цехтердин жоктугу; - пайда алып келүүчү ишканаларды ачуунун каалаган инвесторлордун жоктугу |
5.2 Мүмкүнчүлүктөр жана коркунучтар. Сырткы факторлор
Факторлор | Мүмкүнчүлүктөр | Коркунучтар |
Географиялык абалы жана коммуникация | Ичүүчү суу системасын реконструкциялоо Саркынды сууну тазалоочу курулмаларды круу Тратуарларды куруу, айылдын борбордук бөлүгүн оңдоо Ирригациялык системаны жакшыртуу | Реконструкция кылууга жана курууга каражаттын жок болуп калышы |
Жерлерди жана жаратылыш байлыктарын колдонуу | Турак жай куруу үчүн жер тилкелерин трансформациялоо Муниципалдык менчикти МФ жерлерин натыйжалуу башкаруу Пайда алып келүүчү объектилерди курууга инвестиция тартуу | Куруу жана реконструкциялоо иштерине каражаттардын жок болуп калышы Инвесторлордун жок болушу Курчап турган чөйрөнүн жана экологиянын бузулушу Жерлердин деградацияланышы Жаратылыш кырсыктары |
Эмгек ресурстарын пайдалануу, квалификациялуу кадрларды тартуу | Жогорку билимдүү, тажрыйбалуу адистерди кармап калуу үчүн эмгек акысы жогору болгон жумуш орундарын түзүү | Жумуш орундары жок болгондугуна байланыштуу жакшы кадрлардын чет жактарга кетип калышы |
Социалдык чөйрөнү өнүктүрүү | Социалдык кызматтарды жана акы төлөөчу кызматтарды кңейтүү | Экологиялык абалдын бузулушу көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмүнүн көбөйүшүнө алып келет |
Айыл аймактын экономикасыны негизги тармактары | Инвесторлорду тартуу менен жаңы ишканалардын ачылышы Айыл чарбасынын жана мал чарбасынын өнүгүшү Кичи жана орто ишкердиктин өнүгүшү | Кайра иштетүүгө чийки заттын жоктугу Каржы булактарынын жоктугу |
Финансылык-инвестициялык потенциал | Экономиканы көтөрүү үчүн салыктык жана бюджеттик мамилелелрди жакшыртуу. Өндүрүш тармагына жумушсуз эмгек ресурстарын кызыктыруу |
|
Муниципалдык башкаруу | Муниципалдык башкаруунун сапатынын жакшырышы жана натыйжалуу болушу | Жергиликтүү бюджеттин толбой калышы
|
6. Мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн бардык артыкчылыктарын пайдалануу
«Артыкчылыктарды пайдалануу» | «Мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу» |
Социалдык чөйрөдө өнүккөндүгү, мекемелердин болушу | Калкка сапаттуу билим берүүнү, коммуналдык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу |
Айыл чараба азыктарын кайра иштетүүчү өндүрүштүн , өнөр жай ишканаларынын болушу | Кошумча жумуш орундарын түзүү Калкты жумуш менен камсыз кылуу
|
Резервде жерлердин болушу | Жер ресурстарын, объктилерди муниципалдык менчикке өткөрүү менен инвестициялык долбоорлорго берүү |
Өнүгүүнү ишке ашыруу
Өнүгүүнүн көрсөткүчтөрү | Ишке ашыруунун жолдору |
Кызматтар | Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртып, санын көбөйтүү |
Айыл чарбасы | Мал чарбачылыгын, багбанчылык кылууну, өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү |
Кичи жана орто бизнес | Жашоочулардын кызыкчылыктарын коргоо. Элдин жеңилдиктери бар насыяларды алуусуна көмөктөшүү |
Туризмди өнүктүрүү | Маалымат компанияларын жана инвесторлорду тартуу |
Коммуналдык чарба | Бул чөйрөгө каржы булактарын тартуу жана уюштуруу иштерин жакшыртуу |
7 . Айыл аймакты 2023-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы максаты жана миссиясы
Айыл аймакты өнүтүрүүнүн миссиясы - калктын жашоо шартынын сапатын жогорулатуу жана турукташтыруу үчүн айыл аймактын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү .
Калктын жашоо шартынын сапатын жакшыртуунун негиздери:
- калктын иштеген ишинин болушу жана эмгек акысынын татыктуу болушу;
- кепилдиги бар сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнүн болушу;
- балалуу болууга жана аны тарбиялап өстүрүүгө ыңгайлуу шарттардын түзүлүшү;
- турак-жай курууга жер тилкелери менен камсыздалышы;
- коомчулуктун коопсуздугунун сакталышы;
- саясий туруктуулук;
- билим алуу, маданий эс алуу, бош убакытты өткөрүү, мүмкүнчүлүктөрү ;
- айлана-чөйрөнүн тазалыгы, экологиялык абалды жакшыртуу
Аймактын өнүктүрүүнүн башкы максаты бардык ресурстарды пайдалануу менен экономиканын активдүүлүгүн арттыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу:
- кичи ишкердикти жана керектүү рыногун өнүктүрүүнүн негизинде сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин уюштуруу;
- билим алуунун, маданияттын, сергек жашоо образынын негизинде инсандын бардык тараптан калыптануусун камсыз кыла турган социалдык чөйрөнү түзүү;
- шаар куруунун жана көрктөндүрүүнүн заманбап саясатын жайылтуу менен аймактын инфраструктурасын жакшыртуу жана анын туруктуу иштеп турушун камсыз кылуу;
- экологиялык абалда жакшыртуу
8. Теплоключенка айыл аймагын 2023-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары
8.1. Социалдык чөйрө
8.1.1. Калкты социалдык жактан коргоо
Калкты социалдык жактан колдоо көргөзүү коомдун өнүгүүсүндөгү башкы маселелердин бири. Калккка социалдык колдоо көргөзүү социалдык жардамга муктаж болгон адамдарды (майыптар, пенсионерлер, жалгыз бой карылар, кароосуз калган балдар ж.б) колдоого, кедейчиликти кыскартууга , калктын жашоо шартын жакшыртууга , социалдык кызмат көрсөтүүгө социалдык тейлөөгө багытталган.
багыт: Айыл аймактагы аз камсыздарга, майыптарга жана кары адамдарга колдоо көргөзүү
Тапшырма:
Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жалгыз карыларга ар кандай жардам көргөзүү
Иш- чаралар:
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен аз камсыз жарандарга жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам көргөзүү
Жарандарды социалдык жактан тейлөөнүн инновациялык формаларын киргизүү
УАМС катышуучулары жана майыптар үчүн, ошондой эле кары адамдар керектүү жерине жетип алуу үчүн “Социалдык такси” уюштуруу
Кары адамдарды жана майыптарды социалдык жактан тейлөөнун жаңы формаларын иштеп чыгуу
2-багыт: Балдарды реабилитациялоо
Айыл аймакта турмуштук оор кырдаалга кабылган 11 үй-бүлө жашайт.
Тапшырма :
1.Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча натыйжалуу иш алып баруу
2. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү раебилиатциялоо боюнча иш алып баруу
Иш -чаралар:
Үй-бүлөлөрдү өз убагында социалдык-укуктук маалымат менен камсыздоо
Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарын колдоо көргөзүү максатында маданий, кайрымдуулук иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү
Кары адамдар, кароосуз калган балдар жана аялдар үчүн коп профилдүү кризистик борбор ачуу
багыт. Балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык жактан тейлөөнү өнүктүрүү
Үй-бүлөлөр өз алдынча оокат кылып кетүү үчүн аларга моралдык-материалдык, адеп ахлактык колдоо көргөзүү
Тапшырма:
Калкка социалдык кызматтарды, колдоолорду көрсөтүү
Балдардын ден соолугун чыңдоону, эс алууну уюштуруу
Үй-бүлөө, балага тиешешелүү теманы камтыган иш чараларды уюштуруу.
Иш- чаралар:
Мектепке чейинки билим алууну камсыздоо
Балдардын жайкы лагерлерге эс алуусуна кам көрүү: 3. Балдарды жана үй-булөлөрдү колдоо максатында төмөнкүдөй иш чараларды өткөрүү:
- “Үй-бүлөлөр күнү”;
- “Энелер күнү “:
- Үй-бүлө-үй-бүлөөгө";
- тегерек столдор;
3-багыт.Өспүрүмдөр арасында бейбаштыкты жана кылмыштуулукту алдын алуу
Өспүрүмдөр арасында бейбаштыкты жана кылмыштуулукту алдын алуунун башкы максаты турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга социалдык, психлогиялык-педагогикалык жардам көрсөтүүгө, реабилитациялоого шарттарды түзүү. “Коркунучта турган” үй-бүлөлөрдүн балдары, мүнөзү “оор өспүрүмдөр” менен “Өспүрүм” программасынын негизинде иш алып баруу. Балдарды оор кырдаалдан чыгаруу, эс алуу лагерилерине жөнөтүү, туура жолго түшүүгө мотивация берүү
Иш- чаралар:
"Өспүрүм" операциясын өткөрүү
Жашы жете элек балдардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо жана опекасын оформить этүүгө жардамдашуу
8.1.2. Жаштар саясаты
Айыл аймакта жаштардын активдүүлүгүн арттыруу, аларды аймактын коомдук турмушуна, жергиликтүү бийликтин чечимдерди чыгарууларына катышуусун камсыздоо аймакта жаштар саясатын жүргузүүнун башкы максаты. Жаштар бул коомчулуктун негизги жана энергиялуу, эмгекке жарамдуу бөлүгү болуп саналат. Жаштар саясатын жайылтуунун төмөндогүдөй артыкчылыктуу багыттары аныкталып чыкты.
багыт. Жаштар менен иш алып баруу боюнча укуктук-ченемдик базаны жана инфраструктураны түзүү
Тапшырма:
Жаштарды аймактын коомдук-саясий иштерине активдүү катыштыруу,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөгө эптүү жаштарга мүмкунчүлүктөрдү түзүп берүү
Мекенди сүйүүгө тарбиялоо
Жаштардын жумушка орношуусуна, эмгек жолун баштоосуна көмөктөшүү
Турмуштук стратегияны аныктто жана аткаруу үчүн жаш үй-бүлөлөрдүн активдүүлүгун арттыруу ;
Жаштар арасында адеп ахлактык тарбияны жайылтуу, алардын чыгармачылык, интеллектуалдык, физикалык жактан өнүгүүсүнө көмөктөшүү
Жаштар арасындагы баңгиликке, ичкиликке берилүүнү, чылым чегүүнү жана кылмыштуулукту алдын алуу
Иш -чаралар:
Айылдык, райондук ж.б.сынактарга катышуу
Айыл аймактардын мектептеринде келечекте ЖӨАБО иштегиси келген балдар үчүн факультативдик курстарды ачуу
багыт Жаштарды мекенди сүйүүгө жана адеп ахлакка тарбиялоо
Тапшырма :
- жаштарды аскедик кызмат өтөөгө даярдоо;
- жаштарды аймактын коомдук-саясий турмушуна активдүү катыштыруу
Иш-чаралар:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларынын күндөрүн белгилөө боюнча иш-чараларды өткөрүү
Жаштарды адеп-ахлакка, мекенди сүйүүгө тарбиялоочу тегерек столдорду өткөрүү
Жаштарды аскерге кызмат өтөөгө көңүлдөндүрүүчү иш чараларды уюштуруу:
- аскерге чакырылгандардын күнүн белгилөө боюнча иш чараларга жаштарды катыштыруу;
- чек арачылар күнүн белгилөө;
- 9-май Жеңиш майрамын белгилөө;
3-багыт. Жаштарды жумуш орундары менен камсыз кылуу
Тапшырма:
Жаштарга кесип тандоого ,эмгек жолун баштоого,жумушка орношууга көмөктөшүү
2 . Эмгек кылуу, ишкердикти жандандыруу, азыркы рыноктук шартка ыңгайлашуу боюнча жаштарга үгүт берүү, аларды эмгекке тарбиялоо
Иш-чаралар:
Таланттуу жаштардын жетекчилик кызматтарына орношуусуна, ваканттык орундар үчүн сынактарга катышуусуна көмөктөшүү
2.Жаштарды жеке ишкердикти өнүктүрүүгө кызыктыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу
4-багыт. Жаш үй-бүлөлөрдү колдоо
Тапшырма:
Үй-бүлө институттарын түзүү менен коомдог демографиялык абалды чыңдоо
Жаңы түзүлгөн үй-бүлөлөргө социалдык-экономикалык жактан колдоо көргөзүү, убактылуу жашап турганга турак-жай берүү. Турак жай курууга жер тилкелерин берүү
Иш-чаралар:
Жаш үй-бүлөлөргө ипотекалык, турак-жайларды оңдоого насыяларды алуу, укуктарды билүү боюнча маалымат менен камсыздоо
5-багыт. Жаштар арасында сергек жашоону жайылтуу жана жаштар чөйрөсүндөгү терс көрүнүштөрдү алдын алуу
Тапшырма:
- жаштар арасындагы бейбаштыкты, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, баңгиликке, ичкиликке берилүүнү алдын алуу, сергек жашоо образын пропагандалоо
Иш -чаралар:
Ичкиликке жол бербөө, чылым чегүүгө каршы күрөшүү, сергек жашоо образын жайылтуу боюнча иш-чараларды, сынактарды, мелдештерди уюштуруу
Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күнүнө карата иш чараларды өткөрүү
Бүткүл дүйнөлүк баңгиликке каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чараларды уюштуруу.
6-багыт. Балдардын, жаштардын коомдук бирикмелери менен иш алып баруу
Тапшырма:
- балдардын, жаштардын коомдук бирикмелерине колдоо көргөзүү
Иш-чаралар:
1. Жаштар арасында ден соолукту чыңдоо жана эс алууну уюштуруу боюнча сынак өткөрүү
7-багыт. Жаштардын көркөм чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттыруу
Тапшырма :
- жаштардын чыгармачылык, илимий- техникалык потенциалын, инновациялык ачылыштарын ишке ашырууга шарт түзүп берүү
- жаштардын, балдардын этикалык,эстетикалык, интеллектуалдык, адабий чыгармачылыгын өнүктүрүүгө шарт түзүү
Иш -чаралар:
1.Таланттуу жаштар арасында сынактарды уюштуруу:
"Жаш үндөр";
Эстрада жанрынын аткаруучулары ;
2.Заманбап бий боюнча жаштар арасында кароо сынак уюштуруу.
8.1.3.Билим берүү
1. Мектепке чейинки билим берүү
Мектепке чейинки билим берүүнүн башкы максаты бардык жарандардын мектепке чейинки билим алуусун жеткиликтүү кылуу 1.Тапшырма:
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин абалын жакшыртуу, мамлекеттик өрткө каршы көзөмөл жүргүзүүнүн лицензиялык шарртарына ылайык талаптарын аткаруусун , санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоосун көзөмөлдөө
Иш-чара:
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тегерегин көрктөндүрүү, жашылдандыруу, оюн аянтчаларын жасалгалоо, ойноочу эмеректерди орнотуу, күндон сактоочу навестерди куруу
Тапшырма :
- Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин коопсуздугун камсыздоо Иш-чаралар :
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тегерегин курчоо жана жашылдандыруу
2. Орто билим берүү
Сапатту билим берүүнүн жеткиликтүүун камсыздоо боюнча төмөндөгүдөй стратегиялык багыттар келип чыкты
Тапшырма :
Пост ГАИ кичи конушуна мектеп куруу
2. Билим берүү мекемелеринин коопсуздугун камсыз кылуу
Иш -чаралар:
Билим берүү мекемелеринин ремонт кылуу жана тегерегин курчоо
2.1- багыт . мектеп окуучуларынын ден соолугун чыңдоо жана сактоо
Тапшырма
Окуучуларды көбүрөөк дене тарбиялык, ден соолукту чыңдоочу иштер менен алек болуусуна көмөктөшүү
8.1.4. Дене тарбия жана спорт
Максаты:
- калктын бардык катмарын өзгөчө жаштар менен балдарды ден соолугун чыңдоого, спорт менен машыгууга чакыруу;
-дене тарбиясы жана спорттун түрлөрү менен машыгууга шарттарды түзүп берүү жана калктын ден соолугунун чын болушуна көмөктөшүү;
- калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо;
-райондук, облустук, республикалык, эл аралык мелдештерге катышууга татыктуу спортсмендерди даярдоо;
- келечек муунду дене тарбиясы, спорттун түрлөрү менен систематикалык турдө машыгууга кызыктыруу жана тарбиялоо;
-спорт менен машыккандардын санын көбөйтүү;
Тапшырма:
- калктын ден соолугун чыңдоо, оорулардын алдын алуу, сергек жашоо образын жайылтуу;
- жаштар арасында чылым чегүүнү, аракечтикти, баңгиликти, кылмыштуулукту дене тарбиясы менен спорттун бардык каражаттарын колдонуу менен алдын алуу;
- сергек жашоо образын, спорттук иш аракеттерди, жетишкендиктерди демонстрациялоо;
- дене тарбиясы жана спорт менен машыгуунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
- айыл йамактын намысын коргой турчу спортчуларды даярдоо;
- мелдештерге, турнирлерге барчу спортчуларга колдоо көргөзүү;
- туристтик спорттун түрлөрүн өнүктүрүү;
- машыктыруучулардын дараметтерин жогорулатуу;
- спорттун катышуучулары жана ардагерлеринен атайын командаларды түзүү, командалык оюндарды өнүктүрүү үчүн маалыматтык пропагандалоо иштерин жүргүзүү;
Иш-чаралар:
- калктын дене тарбиясы жана спорт менен массалык түрдө машыгуусуна шарт түзүп берүү;
- ден соолугун чыңдоо максатында дене тарбиясы жана спорттун түрлөрү менен калктын бардык катмарынын машыгуусу;
- дене тарбиясынын жана спорттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
-сергек жашоо образын жайылтуу жана спорт менен алектенүүгө чакыруу;
- спорттун түрлөрү менен машыккандардын санын көбөйтүү;
Программанын коомдук-экономикалык таасири:
- калктын ден соолугун чындоо, физикалык өнүгүүсүн жакшыртуу;
- дене тарбиясы менен спорттун баалуулуктарына туура мамиле жасоо;
-айыл аймакта дене тарбиялык, спорттук традицияларды калыптандыруу;
- спорттун жаы түрлөрүн өнүктүрүү, дене тарбиясы менен алектенгендердин санын көбөйтүү;
- дене тарбиясынын жана сапорттун материалдык-техникалык базасы кеңейтүү жана чыңдоо;
- жогорку класстагы спортчуларды даярдоо, спорт ишмердүүлүгүн өркүндөтүү;
- айыл аймак турисстик спортту өнүктүрүү;
8.1.5. Маданият жана искусство
Айыл аймактын маданиятын чындоо, салт -санааларды, үрп адаттарды, маданий мурастарды сактоо боюнча төмөндөгүдөй стратегиялык багыттар тапшырмалары, иш чаралары менен иштелип чыкты
багыт. Айыл аймакта бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу жана маданий кызматтар менен камсыз кылуу
Тапшырма:
Калктын массалык эс алуусуна шарт түзүү жана эс алууну уюштуруу.
Иш -чаралар:
Чыгармачылыкты сүйгөн топтордун концерттик ишмердүүлүгүн ишке ашыруу
Массалык майрамдарды, элдин эс алуусун уюштуруу
Маданий спорт ордосунда клубдук иштерди уюштуруу (ийримдер, музыкалык студиялар ж.б)
Ийримдерге, клубдук иштерге айыл аймактын жашоочуларын аралаштыруу алардын чыгармачылыгын өнүктүрөт
Бош убакытты өткөрүүнү жакшы уюштуруу келечек муунду туура тарбиялоого алып келет.
8.2. Коммуналдык чарба
Калкка жогорку сапаттагы үзгүлтүксүз коммуналдык кызммааттарды көрсөтүүнүн, “Ак-Суу коммуналдык чарбасы” МИ дараметин жогорулатуунун стратегиялык багыттарынын тапшырмаларын чечүү жана чараларды көрүү :
1-багыт.Турак жайы жок жарандарга жер тилкелерин берүү
Иш чаралар:
Турак жай салууга жер тилкелерин берүү үчүн трансформация маселесин чечүү
2-багыт. Коммуналдык инфраструктура.
Тапшырма
1.Коммуналдык инфраструктураны модернизациялоо .
Иш-чаралар:
Ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн эсептегичтерди орнотуу, адистештирилген техникалар менен жабдуу
Сапаттуу ичүүчу суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү
Таштанды жайынын тегерегин курчоо, фронталдык погрузчик алуу
Христиандардын, мусулмандардын мүрзөлөрүнүн тегерегин курчоо
Мусулмандардын эски көрүстөнүнүн тегерегин курчоо
Таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу
3-багыт. Айыл аймакты көрктөндүрүү
Тапшырма:
Көрктөндүрүүнүн денгээлин жогорулатуу
Иш-чаралар:
Жалпы пайдалануудагы муниципалдык жолдорду кеңейтип, капиталдык ремонтон өткөрүү
Айылга аялдамалдарджы орнотуу
Айыл аймакты көрктөндүрүү иштерин улантуу, айылдын борбордук бөлүгүнө эстетикалык, архитектуралык көрк берүү,стелла орнотуу, жол боюндагы үйлөрдүн, объектилердинсырткы көрүнүшүн оңдоо , клумбаларды, гүлзарларды жасалгалоо, декоративдик кашаалар менен курчоо жана жашылдандыруу
Айыл аймактын бардык көчөлөрүнө жарыктандыруу шамдарын орнотуу
багыт. 2023-жылга чейин айыл аймакта шаар куруу жана архитектура эрежелерин сактоону жайылтуу жана айылды көрктөндүрүү
Шаар куру жана архитектуранын башкы концепсиясы жаашоого ылайыктуу болгон айыл куруу болуп саналат. Айыл аймакта, калктын бардык катмарында турак жайдын, социалдык маанидеги обьектилердин, саламаттыкты сактоонун, транспорттук каражаттардын, байланыштын жеткиликтүүлугун камсыздоо. Айыл аймакта шаар куруунун эрежелери жашоочулардын бардык кызыкчылыктарына жооп берүүсү керек.
Шаар куруу жана архитектуранын, турак-жай саясатынын негизги багыттары:
Айыл аймактын эстетикалык көрүнүшүн менен көп түрдүүлүгүн сактоо
Курчап турган чөйрөнүн коопсуздугун камсыздоо
Тапшырма:
Айылды комплекстүү өнүктүрүү
Иш-чаралар:
Кожолуктардын кызыл чийинден чыгып кетпөөсүн көзөмөлдөө, көчөлөрдү кеңейтүү
Ирригациялык системаны, жол курулуштарын тартипке келтирүү
Турак жай алуу үчүн көп жылдык ипотекалык насыя алууга көмөктөшүү
Турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнү камсыздоо
8.3. Экология
Багыты :Курчап турган чөйрөнүн абалы, жартылыш ресурстары
Айыл аймактын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралар:
Сууну коргоочу иш - чаралар
3. Айыл аймакты жашылдандыруу жана санитардык тазалоо
8.4. Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар
2023-жылга чейин жарандык коргонууну чыңдоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу боюнча төмөнкүлөрдөй тапшырмаларды аткаруу керек:
өзгөчө кырдаалдар учурунда милдеттендирилген тапшырмаларды так аткаруу үчүн жарандык коргонуу күчтөрүнүн жана башкаруу органдарынын даярдыгын камсыздоо
Техногендик жана жаратылыш кырсыктарын алдын алууга багытталган иш чараларды иштеп чыгуу, калкты өзгөчө кырдаалдарга дайындоо
Иш -чаралар:
1. Айыл аймакка мүнөздүү болгон ( кар көчкүсү, сел каптоо, өрт чыгуу ) өзгөчө кырдаал жаралган учурда адам өлүмү болтурбоо, материалдык чыгашанын азыраак болуусун камсыздаган комплекстүү иш чараларды иштеп чыгуу, пландуу даярдык көрүү
2. Өзгөчө кырдаалдар учурунда колдонуу үчүн медициналык, материалдык техникалык каражаттарды запасы менен камдап коюуга көзөмөлдүк кылуу
3. Өрт коопсуздугун алдын алуу максатында өз убагында сапаттуу текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча иш чаралдарды уюштуруу.Ишкана-мекемелердин, курулуштардын,объетилердин өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча эрежелерди сактоосун, талаптарга жооп берүүсүн, өрт учурунда элдерди эвакуациялоо шарттарынын болушун камсыздоо . Өрт өчүрүүчү шаймандарынын болушун көзөмөлдөө
4. Согуш жана тынчтык убагында байланыштын жана маалымат жеткирүүнүн үзгүлтүксүз болушун камсыздоо
5. Суу каптоолорду алдын алуу, чыгашаларды азайтуу, калкты жана экономикалык объктилерди коргоп калууну камсыздоо
8.5. Айыл аймактын экономикасынын негизги тармактары
Айыл чарбасы
Азыркы учурда айыл чарбасынын абалы абдан төмөндөп кетти. Ата мекенчин айыл чарбаөндүрүүчүлөр өндүргөн дан эгиндери, сүт, эт азыктарынын баасы четтен импоттолуп келген товарлардын баасынан төмөн. Атаандаштыкка эптүүлүгү өтө начар, түшкөн киреше өндүрүүгө кеткен чыгашаларды жаппай калууда. Сырттан келген товарларга импорттук четтөө коюу аркылуу ички рынокту жөнгө салуу иштери мамлекеттик деңгээлде чечилүүсү керек.
Айыл чарбасынын натыйжалуулугун арттыруу үчүн жаңы сорттогу түшүмдү жакшы берүүчү үрөндөрдү себүү, каражаттарды аз кетирүүчү прогрессивдүү технологияларды колдонуу, химиялык заттарсыз экологиялык таза продуктуларды өндүрүү керек. Ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүдө тобокелчиликтерди жана коркунучтарды жаратуучу фактыларды да эске алуу керек. Техниканын, үрөндөрдүн, жер семирткичтердин начардыгы, түшүмдүн баасынын төмөндүгү, климаттык-шарттын жагымсыз болушу.
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары
Мал чарбачылыгы:
- дыйканчылык- фермердик жана жеке чарбаларда малдын башын, үй канаттууларынын санын көбөйтүү
Иш-чаралар:
Айыл чарбасын өнүктүрүүнү каалаган фермерлерди үрөндөр, көчөттөр жана айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу
Айыл чарба продуктуларын сатууну жана кайра иштетүүнү камсыздоо
Транспорт
Багыты:
Айыл аймакта маршруттук каттамдарды өнүктүрүү;
Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана айыл ичинде жүрүүгө ички каттамдарды ачып берүү
Тапшырма:
- айыл аймактын жашоочуларына транспорт каражаттарынын жеткиликтүү болуусун камсыздоо
Иш-чара:
Жалпы пайдалануудагы коомдук транспортторду көбөйтүү, айыл ичине маршруттук каттамдарды ачуу
Байланыш жана телеберүү Багыты:
1. Байланыш менен телеберүүгө болгон суроо талапты канагаттандыруу
2. Айыл аймакта байланыш тармагы (санарип, “О”, “Билайн”, “Мегаком”) универсалдуу кызмат көрсөтүп туруусуна көмөктөшүү
Чакан бизнести өнүктүрүү
Чакан бизнес түзүмү акыркы жылдар аралыгында дээрлик өзгөрүүсүз калган. Ишкерлердин көпчүлүгү калкка кызмат көрсөтүү, соода сатык кылуу чөйрөсүн тандап жатышат. Бирок, иш жүзүндө өндүрүш жүргүзүү тургандарга да бар, алар колдоо көрсөтүү жана жардам берүү зарыл.
Азыркы учурда, айыл аймакта кошумча жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү боюнча иш-чаралар. пландаштырылган
Бул иш-чараларды ишке ашыруу чакан бизнес менен алек болгондордун санын көбөйтүүгө, бюджеттин кеңейишине, салыктык кирешелердин өсүшүнө алып келет жана аймактын экономикасындагы кичи бизнестин салымын жогорулатат.
Керектөө рыногу
Керектөө рыногу калкты товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен жогорку деңгээлде камсыздап турган экономиканын бир бөлүгү
Акыркы жылдары, керектөө рыногун стабилдүү, жогорку ишкердик активдүүлүк менен иштеп келе жаткан, өсүү тенденциялары динамикалуу өнүгүп келе жаткан рынок катары мүнөздөөгө болот.
Калкка кызмат көрсөтүүдөгү негизиги маселелер: Өндүрүштүк базаны (технологиялык жабдууларды, заманбап материалдарды, чийки заттарды сатып алууга ) өнүктүрүү үчүн жумушчу капиталдын, жүгүртмө каражаттын жоктугу;
Максаттары жана милдеттери:
- айыл жергесинде товарлардын жана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
- менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, калктын бардык катмарларын заманбап коопсуз, , жогорку сапаттагы продуктуларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын өз убагында каимсыздоо;
- соода кылуу үчүн белгиленбеген жерлерде ;
- тиричилик жактан тейлөөнү, күнүмдүк кызмат көрсөтүү тармагын комплекстүү өнүктүрүү;
- керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу
- өз бакчасында өскөн өсүмдүктөрдү сатуу үчүн соода точкаларын ачуу
Иш -чаралар:
- өз бакчасында өскөн жашылча-жемиштерди сатуу үчүн соода точкаларын ачып берүү
- калкка кызмат көрсөтүүчү ишканаларды, цехтерди өнүктүрүү (өтүкчү, ателье, тиричиликтехникаларын жана радиоэлектрондук аппараттарды оңдоочу жайлар ж.б.)
Муниципалдык менчик
Муниципалдык менчик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын экономикалык негиздеринин бири болуп саналат. Муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу менен айыл өкмөтү негизи 2 маселени чече алат.
- Экономикалык (бюджеттин кирешеси көбөйөт)
- Социалдык (социалдык инфраструктураны өнүктүрүү)
Бул маселерлерди чечүүнүн жолдору муниципалдык менчиктин түрүнө жараша болот:
- Кыймылсыз мүлк;
- Муниципалдык менчиктеги жер фондусу.
Кыймылсыз мүлк
Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктү пайлануудан киреше булактарын көбөйтүүнүн:
- Салык төлөөчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу. Ижара акыларын өз убагында төлөбөсө келишимдерди бузуу жана бардык ижара акысын төлөтуп алуу
жылга чейин жергиликтүү бюджетти максималдуу түрдө толтуруу максатында муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү боюнча көбүрөөк пайда алып келүүчү келишимдерди түзүү айыл өкмөтүнүн негизги максаты менен тапшырмасы:
1.Айыл чарба багытындагы жерлердин 100% тең максаттуу пайдаланышына муниципалдык көзөмөмөл жүргүзүүнү уюштуруу
2.Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүү же сатуу үчүн инвентаризациялоо
Стратегиялык планга мониторинг жүргүзүү
2023-жылга чейин Стратегиялык пландын аткарылышын координациялык кеңеш көзөмөлдөйт. Координациялык кеңеш стратегиялык пландын аткарылышын угуу жана талкуулоо боюнча бир жылда экиден кем эмес ачык отурум өткөрөт.
Мониторинг жасоонун негизги максаты стратегиялык пландын аткарылышын камсыздоо жана актуалдуулугун жогорулатуу
Стратегиялык планга мониторинг жасоодо төмөнкүдөй маселелер чечилет.
- стратегиялык планын жалпы же тир тармак боюнча аткарылышы;
- стратегиялык пландын максатына жетүү деңгээлин жана максатка жетүүнүн ресурстарын баалоо;
- ар бир тармак боюнча стратегиялык пландын аткарылышн баалоо
Стратегиялык планга мониторинг жүргүзүү төмөнкүдөй бөлүктөн турат:
Айыл амактын сырткы чөйрөсүнүн өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү. Стартегиялык мааниге ээ болгон тармактарга абалын аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүү.
Стратегиялык планды ишке ашыруунун жалпы жыйынтыгына жана кандайдыр бир тармагынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү. Башкы максатка тандалган максаттардын негизинде жетүүсүн анализдөө. Сөзсүз түрдө
- башкы максатка жеткендигине мониторинг жасоо;
- атайын бир тармак боюнча мониторинг жүргүзүү керек.
Мониторинг жылына эки жолу өткөрүлүп, Стратегиялык пландын максатына жетиши жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча аналитикалык отчету даярдалат.
Мониторингдин жыйынтыгын чыгаруу менен Сратегиялык пландын актуалдуулугу бааланат жана өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилет. Мониторинг жасоо стратегиялык пландын аткарылышына жана жаңырып турушуна кепилдик берет.
Стратегиялык планды айылдык кеңештен бекиткенден кийин аны ишке ашыруунун план графигин иштеп чыгуу. Иш-чаралар коюлган ырааттамага ылайык ишке ашырылат.
жылга чейин жаңы программаларды айыл аймактын өнүгүү стратегиясына таянып иштеп чыгуу керек
№1 тиркеме
2019-2023-жылдар аралыгындагы айыл аймакты өнүктүрүүнүн
стратегиялык мерчемин аткаруунун иш-чаралары
№ № | Иш-чаралардын аталышы | Инвест. көлөмү млн. сом | Алардын ичинен | Ишке ашыруу мөөнөтү | Каржылоо булактары | |
Өздүк салым | Инвест. | |||||
1 | Айыл чарбасы | |||||
1.1 | Тоок фермасын куруу | 10000,0 | Жер тилкеси | 10000,0 | 2021-2023 | Жеке ишкер |
1.2 | Дыйкандарды жогорку сапаттагы үрөндөр жана жемиш көчөттөрү менен камсыздоо |
| Жер тилкеси |
| 2020-2023 | Айыл өкмөтү, ГФРЭ |
1.3 | Эт, сүт багытындагы уйларды көбөйтүү боюнча чакан фермаларды ачуу | 2400,0 | 0,4 | 2400,0 | 2021-2023 | Айыл өкмөтү Жеке иштер |
1.4 | Сүттү кайра иштетүү боюнча кичи цехтерди ачуу | 2100,0 | 0,2 | 1900,0 | 2021-2022 | Жеке ишкер |
1.5 | Бал өндүрүүчү фермаларды өнүктүрүү | 0,4 | Жер тилкеси | 0,4 | 2021-2022 | Жеке ишкер |
1.6 | Пайдаланылбай жаткан жерлерди ыңгайлуу көчөттөрдү отургузууга берүү |
| Жер тилкеси |
| 2020-2022 | Жеке ишкер |
1.7 | Ирригациялык системаны жакшыртуу жана сугат суусу менен сапаттуу камсыз кылуу, талаа жерлеринин сапатын жакшыртуу | 1300,0 |
| 1300,0 | 2020-2022 | Айыл өкмөтү СПА , долбоор |
1.8 | Теплоключенка айылынын ылдый жагына мал дарылоочу жай куруу (раскол) | 0,3 |
| 0,3 | 2020 | Айыл өкмөтү, жайыт |
1.9 | Айыл чарбасын жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча
айыл тургундарына женилдиктери бар насыяларды алууга көмөктөшүү | 1000,0 |
| 1000,0 | 2020-2023 | Айыл өкмөтү, айыл банк |
1.10 | Айыл өкмөтүнүн алдында мал касап кылуучу цех ачуу |
| Жер тилкеси |
| 2020-2021 | Айыл өкмөтү инвесторлор |
1.11 | Этти кайра иштетүү боюнча завод курууга инвесторлорду тартуу |
| Жер тилкеси |
| 2021-2022 | Айыл өкмөтү, инвесторлор |
1.12 | Мөмө-жемиштерден шире чыгаруучу кичи завод ачууга көмөктөшүү |
| Жер тилкеси |
| 2021-2023 | Айыл өкмөтү, инвесторлор |
1.13 | Айыл чарбасы үчүн логистикалык борборлорду ачууга көмөктөшүү |
| Жер тилкеси |
| 2021-2022 | Айыл өкмөтү жеке ишкер |
1.14 | Жасалма жол менен уруктандырууну жандандыруу |
| Инструменттер |
| 2020 | Айыл өкмөтү |
1.15 | Ийри мүйүздүү малдарды жасалма жол менен уруктандыруучу пункт ачуу | 0,1 | 0,1 |
| 2020 | Айыл өкмөтү |
1.16 | Беккари чуңкуру | 1800,0 |
| 1800,0 | 2020-2021 | Айыл өкмөтү, проект |
2 | Туризм, экология | |||||
2.1 | Арашан капчыгайында эс алуу зоналарын түзүү |
| Жер тилкеси |
| 2020-2023 | Айыл өкмөтү, инвесторлор |
2.2 | Маданий-тарыхый мурастардын катарына кирген имаратттарды калыбына келтирүү |
| Мекеме |
| 2021-2023 | Айыл өкмөтү Жеке ишкер |
2.3 | Алтын Арашан курорттук аймагын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү |
| Жер тилкеси |
| 2020-2023 | Айыл өкмөтү, инвесторлор |
2.4 | Лыжалык базанын ачылышына көмөк көрсөтүү |
| Жер тилкеси |
| 2021-2023 | Айыл өкмөтү, инвесторлор |
2.5 | Туристтик мейманкана, кафе, ресторан куруу |
| Жер тилкеси |
| 2020-2023 | Айыл окомту, ивенсторлор |
2.6 | Муниципалдык мечикти башкаруу боюнча чарбалык топ түзүү |
| Жер тилке |
| 2021-2023 | Айыл өкмөтү |
3 | Социалдык маселелер | |||||
3.1 | Чоң стадиондун тегерегин курчоо | 2300,0 | 2300,0 |
| 2021-2022 | Айыл өкмөтү |
3.2 | Бала бакчанын эски имаратын ашканасын жана кир жуучу жайын куруу менен капиталдык ремонттон өткөрүү | 21400,0 | 2000,0 | 19400,0 | 2021-2023 | Айыл өкмөтү, долбоор |
3.3 | Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн бекер медициналык кароодон өтүүсүнө көмөктөшүү |
|
|
| 2020-2023 | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр |
3.4 | Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн социалдык дүкөн ачуу | 0,02 | 0,02 |
| 2020 | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр, |
3.5 | М.Мамакеев гимназия мектебинин от жагуучу жайын куруу | 10300,0 | 3000,0 | 5300,0 | 2020 | Айыл өкмөтү, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу |
3.6 | Ч.Айтматов конушуна башталгыч мектеп куруу |
|
|
| 2021-2023 | Айыл өкмөтү, Респ.бюджет |
3.7 | Ч.Айтматов атындагы конушка бала бакча куруу | 28000,0 |
| 19000,0 | 2020-2021 | Айыл өкмөтү, долбоор |
3.8 | Хлораторду жасоо | 1500,0 |
| 1500,0 | 2021-2023 | Айыл өкмөтү , долбоор |
3.9 | Турмуштук оор кырдаалага кабылган балдар үчүн кризистик борбор ачуу | 0,8 |
| 0.8 | 2021-2022 | Айыл өкмөтү соц.буйрутма аркылуу |
3.10 | Муниципалдык базар куруу |
| Жер тилкеси |
| 2021-2023 | Айыл өкмөтү, жеке ишкер |
3.11 | Ак-Суу балдар үйүн бала бакча кылуу үчүн багытын өзгөртүүгө көмөктөшүү |
|
|
| 2020-2023 | Айыл өкмөтү |
3.12 | Логистикалык борбор ачууга көмөктөшүү |
| Жер тилкеси |
| 2021-2023 | Айыл өкмөтү |
3.13 | Ынтымак үйүн түптөө |
| Имарат |
| 2021-2023 | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр |
3.14 | Үй салуу үчүн жер тилкелерин алууга, жерлерди трансформациялоого көмөктөшүү |
| Жер тилкеси |
| 2020-2022 | Айыл өкмөтү |
3.15 | Эски бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүү | 17500,0 | 1300,0 |
| 2021-2023 | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр, проект |
3.16 | Балдарга оюн аянтчаларын куруу |
|
|
| 2021-2022 | Айыл өкмөтү, тургундар, демөөрчүлөр |
4 | Коммуналдык турак жай чарбасы | |||||
4.1 | Ичүүчү суу тарамдарын реконструкциялоо | 179000,0 | 2000,0 | 176000,0 | 2020-2022 | Айыл өкмөтү, долбоор |
4.2 | Теплоключенка айылынын саркынды сууларды тазалоочу курулмаларын куруу | 38000,0 |
| 38000,0 | 2020-2022 | Айыл өкмөтү, респ. бюджет, долбоор |
4.4 | Айыл аймакты толугу менен жарыктандыруу | 1000,0 | 1000 |
| 2020-2021 | Айыл өкмөтү, долбоор |
4.5 | Кыдыр Аке менен кесилишкен көчөлөргө аншлагдарды даярдоо | 0,5 | 0,5 |
| 2020 | Айыл өкмөтү |
4.6 | Водозаборду куруу |
|
|
| 2021-2022 | Айыл өкмөтү |
4.7 | Эмгек биржачылары үчүн жеңил конструкциядагы чатырча (навес), ажаткана куруп берүү |
|
|
| 2021-2022 | Айыл өкмөтү |
4.8 | Мусулман жана христиан көрүстөндөрүнүн тегерегин курчоо | 0,390 | 0,390 |
| 2020 | Айыл өкмөтү Октябрь айыл өкмөтү менен биргеликте |
4.9 | Телескоп жана ассенизатордук машина сатып алуу | 5000,0 | 5000,0 |
| 2021-2023 | Айыл өкмөтү, ”АКЧ” МИ, “Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС” МИ |
4.10 | Таштанды төгүүчү жайдын тегерегин курчоо | 2900,0 | 0,4 | 2500,0 | 2020-2023 | Айыл өкмөтү, долбоор |
4.14 | Тазалык боюнча техника алуу (фронталдык погрузчик) | 3500,0 | 900,0 | 2600,0 | 2020-2023 | Айыл өкмөтү долбоор |
5 | Орто жана кичи бизнести өнүктүрүү | |||||
5.1 | Транспорт, спорт, медицина, юридикалык кызмат көрсөтүүнү, бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу чөйрөсүндө кичи бизнести өнүктүрүүгө көмөк көргөзүү |
|
|
| 2020-2022 | Айыл өкмөтү,жеке ишкер, МИ |
5.2 | Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү жаңы цехтерди ачуу |
| Жер тилкеси |
| 2020-2023 | Айыл өкмөтү Жеке ишкер |
5.3 | Кичи ГЭСти реабилитациялоого көмөктөшүү |
|
|
| 2021-2023 | Жеке ишкерлер, инвесторлор |
5.4 | Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн социалдык магазин ачуу |
|
|
| 2020 | Айыл өкмөтү Кооператив |
5.5 | Кийизден жана жүндөн сувенирлерди жасап чыгаруучу цех ачуу | 0,4 | 0,1 | 0,3 | 2020-2021 | Айыл өкмөтү, “Бекем Ынтымак жаштар уюму” |
6 | Инфраструктура, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү | |||||
6.1 | Ак-Суу дайрасынын жээгин бекемдөө иштери | 0,3 | 0,3 |
| 2020-2023 | Айыл өкмөтү ӨКМ |
6.2 | Айыл аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу | 0,6 |
| 0,6 | 2021-2023 | Айыл өкмөтү, |
6.3 | Айыл ичиндеги арыктарды ондоп- түзөө |
|
|
| 2020-2023 | Айыл өкмөтү Айыл тургундары |
6.4 | Кыдыр Аке көчөсүнөн ылдый карай Жаныбеков, Посмитный көчөлөрүнө асфальт төшөө |
|
|
| 2020-2021 | Айыл өкмөтү |
6.5 | Көчөлөрдөгү көпүрөлөрдү оңдоо, чоң көчөлөргө жол белгилерин орнотуу жана Кыдыр Аке кесип өткөн баардык көчөлөргө аншлагдарды даярдоо | 0,860 | 0,860 |
| 2020 | Айыл өкмөтү |
6.6 | Кыдыр Аке көчөсүнүн борбордук бөлүгүн көрктөндүрүү | 10000,0 | 10000,0 |
| 2020-2021 | Айыл өкмөтү |
6.7 | Ар бир чарба субьетилеринин алдына таштанды челектерин орнотуу | 1200,0 | 200,0 | 1200,0 | 2020-2022 | Айыл өкмөтү, чарба субъектилери |
6.8 | Айыл аймактын кире беришине стелла орнотуу | 0,7 | 0,7 |
| 2020 | Айыл өкмөтү |
6.9 | Пост ГАИ конушуна АЗС салуу |
|
|
| 2020-2021 | Инвесторлор |
6.10 | Таксилерге токтоочу жай куруп берүү | 0,6 | 2,0 | 28,0 | 2021-2022 | Айыл өкмөтү |
6.11 | Коомдук жайларга видео козөмөлдөрдү орнотуу | 0,290 | 0,290 |
| 2020 | Айыл өкмөтү |
6.12 | Ички жана талаа жолдорун түздөө, кум-шагыл түшүрүү | 0,940 | 0,940 | 0,3 | 2020-2022 | Айыл өкмөтү |
6.13 | Айыл аймактын тургундарына жеңилдиктери бар насыяларды алууга көмөктөшүү |
|
|
| 2020-2023 | Айыл өкмөтү Айыл банк |
6.14 | Эстеликтерди реставрациялоо | 0,01 |
| 0,3 | 2020 | Айыл өкмөтү |
7 | Маалымдоо жана санариптештирүү | |||||
7.1 | Айыл өкмөтүнүн бирдиктүү электрондук уюлун түзүү | 0,24 | 0,24 |
| 2020 | Айыл өкмөтү |
7.2 | Ата-энелер менен мугалимдердин ортосунда электрондук журнал түзүү | 0,08 | 0,08 |
| 2020-2022 | Айыл өкмөтү Мектептер |
7.3 | Компьютердик техникаларды жаңыртуу | 0,1 | 0,1 |
| 2020 | Айыл өкмөтү |
7.4 | 4 маалымат тактасын орнотуу | 0,4 | 0,4 |
| 2020-2021 | Айыл өкмөтү |
7.5 | Калкты тейлөөчү борбор ачуу (ЦОН) | 2500,0 | 2000,0 | 0,5 | 2020 | Айыл өкмөтү Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу |
7.6 | ЛЭД экрандарды, билборддорду орнотуу | 0,8 | Жер тилкеси |
| 2021-2022 | Айыл өкмөтү |
7.7 | Айыл өкмөтүнө видеокамераларды орнотуу | 0,1 | 0,1 |
| 2020 | Айыл өкмөтү |
№2 тиркеме
2019-2023-жылдарга карата ири инвестициялык долбоорлорунун мерчеми
№ № | Долбоорлордун аталышы | Аткаруу мөөнөтү (жылдар) | Каржылоо булактары |
| Айыл чарбасы | ||
| Тоок фермасын куруу | 2020-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Сүттү кайра иштетүүчү цех ачуу | 2020-2022 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Айыл өкмөтүнүн алдында мал касап кылуучу цех ачуу | 2020-2022 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Эт азыктарын иштетүүчү цех ачуу | 2021-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Мөмө- жемиштерден суусундук чыгаруучу цех ачуу | 2021-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Беккари чуңкурун куруу | 2021-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен
|
2 | Туризм, экология | ||
| Арашан жайлоосуна эс алуучу жайын түзүү | 2020-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Ленин көчөсүндөгү маданий -тарыхый мурастарга тиешелүү мекмелерди калыбына келтирүү | 2020-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Алтын -Арашан курортун өнүктүрүү | 2020-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Лыжа базасын куруу | 2020-2022 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Туристтик кафе, мейманканаларды куруу | 2020-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
3 | Социалдык маселелер | ||
| Стадиондун тегерегин курчоо | 2021-2022 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Балдар үчүн аттракцион ачуу | 2021-2022 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Достор үйүн ачуу | 2021-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
4 | Коммуналдык чарба | ||
| Ичүү суу тарамдарын реконструкциялоо | 2020-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Теплоключенка айылынын саркынды сууларды тазалоочу курулмаларын реконструкциялоо | 2021-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Коммуналдык чарбага ассенизатордук авто унаа жана телескоп алуу | 2021-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Таштанды полигонунун тегерегин курчоо | 2020-2022 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| “Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС” МИ фронталдык погрузчик алуу | 2021-2022 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
5 | Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү | ||
| Логистикалык борбор ачуу | 2020-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Кичи ГЭСти калыбына келтирүүгө көмөктөшүү | 2020-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Кыш ( кирпич) чыгаруучу завод куруу | 2020-2022 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Кагаз баштыктарын чыгаруучу кичи завод ачуу | 2020-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
6 | Аймакты жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана инфраструктура | ||
| Таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу | 2021-2023 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Пост ГАИ кичи конушуна АЗС куруу | 2020-2021 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| Лесное айылына балдар шаарчасын куруу | 2021-2022 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| ПостГАИ кичи конушуна 300 орундук мектеп салуу | 2021-2022 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
| ПостГАИ кичи конушуна 60 орундук бала бакча салуу | 2020-2021 | Инвесторлордун каржылоосу менен |
СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРДЫН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Стратегиялык өнүгүүнү ишке ашыруудагы күтүлүүчү жыйынтыктар | ||||||
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Жылдардагы салыштырмалуулук | |||||
2018 | 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | |
Өндүрүш | 52745,1 | 55391,8 | 58161,3 | 61069 | 64122,7 | 66046,4 |
Товар жүгүртүү | 91465,0 | 96038,2 | 98919,3 | 103865,2 | 108019,8 | 111260,3 |
Акы төлөнүүчү кызматтар | 4411,3 | 46316,8 | 48632,6 | 51064,2 | 53617,4 | 56298,3 |
Эт | 1481 | 1310 | 1557 | 1601 | 1665 | 1698 |
Сүт | 10827 | 11043 | 11264 | 11489 | 11720 | 12071 |
Жүн | 45,2 | 46,5 | 47,8 | 49,2 | 51,6 | 53,1 |
Жумуртка | 764 | 786 | 810 | 826 | 851 | 877 |
Дан эгиндери | 6391 | 6582 | 6714 | 6848 | 6985 | 7124 |
Картошка | 23247 | 23838 | 24553 | 25044 | 25545 | 26056 |
Жашылча | 1605 | 1653 | 1735 | 1891 | 1948 | 2007 |
Жергиликтүү бюджеттин кирешеси | 27945,6 | 30214,5 | 32631,7 | 35246,7 | 38066,4 | 41111,4 |
8. Стратегияны ишке ашыруунун этаптары
Iкадам.Стратегиянын долбоорун даярдоо. Айыл аймактын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо
IIкадам. Стратегияны кароо жана бекитүү.Стратегия айылдык кеңештин кароосуна жиберилет, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, бекилет.
III кадам. Артыкчылыктуу багыттар менен максаттарга жооп берген жаңы программаларды иштеп чыгуу. Бул этапта айыл аймакты социалдык-эономикалык жактан өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына жана максаттарына ылайык жаңы программаларды иштелип чыгат.
IV кадам. Программаларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн башкаруу системасын иштеп чыгуу. Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүлөт жана аны жүзөгө ашырууну оптималдаштырат.
V кадам. Программаны ишке ашыруу механизмдерин аныктоо. Бул ресурстук базаны туура пайдалануунун жолдорун талдоо багытталган.
VIкадам. Стратегияны зарыл болгон ченемдик-укуктук базанын негизинде ишке ашырууну камсыз кылуу. Стратегиялык иш-чаралар тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын негизинде ишке ашырылып, пограммалардын юридикалык негизи болушу керек.
VIIкадам.Стратегияны аткаруу үчүн чараларды ишке ашыруу. Бул программаларга коюлган тапшырмаларды, милдеттерди аткаруу
VIII кадам .Стратегиялык пландын аткарылышына мониторинг жүргүзүү. Ички жана тышкы чөйрөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө карата өз учурунда толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү.
IX кадамМаселелерди оптималдаштыруу жана программаларды мындан ары ишке ашыруу. Стратегиянын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлүп, көйгөйлөр аныкталгандан кийин аларды чечүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу керек, тактап айтканда, эсеп түзөтүүлөрдү эске алуу менен, ишти оптималдаштыруу керек.