Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 11
Теплоключенка айылдык кенештин жана айыл өкмөтүнүн архив иштерин жүргүзүү үчүн архивариус бирдигин ачуу жөнүндө
Ак-Суу райондук мамлекеттик архивинин 2020-жылдын 17-январындагы №01-05/3 номурлуу иш кагазын карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл өкмөтүнүн жана айылдык кенештин документтеринин жыйналышына, эсеп жүргүзүүсүнө, сакталышына шарттарды түзүү жана өз убагында райондук мамлекеттик архивине өткөрүү үчүн архивариус бирдиги 0.5 ставка менен кайрадан ачылсын.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнун сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Темиров |