Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-марты № 27-34/1
Каракол шаарынын 2019 -жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын отчету жана 2019-жылга такталган планды бекитүү жөнүндө
Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын,
«Каракол шаарынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө жана 2019-жылга такталган планын бекитүү жөнүндөгү» отчетун карап жана талкуулап, Каракол шаарынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджети бекитилгенин, аткаруу процессинде, кирешелердин түшүү планы өзгөртүлгөндүгүн, 2019-жылдын башындагы эркин калдыктан акча каражаттар бөлүнгөндүгүн, Республикалык бюджеттен акча каражаттар берилгендигин, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIV сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчет, кирешелер боюнча – 240909,6 миң сом суммасында, чыгаша боюнча – 240594,5 миң сом суммасында, бекитилсин.
2. Каракол шаарынын 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган планы, 255373,9 миң сом суммасында бекитилсин .
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
6.
Төрага | Э.Айсаракунов |