Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020–жылдын 5марты №27-34/4
Каракол шаардык депутаттар Кенешинин 2018-жылдын 31-июлундагы №27-21/17 токтомун, Каракол шаардык прокуратурасынын протестинин негизинде жокко чыгаруу жөнүндө
Каракол шаарынын прокурору Р.Т.Аманатовдун 2019-жылдын 29-августундагы кир:№01-7/301 протестин жокко чыгарууну карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин 2018-жылдын 31-июлундагы №27-21/17 «Р-5 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» токтомун, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXIV сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык депутаттар Кенешинин 2018-жылдын 31-июлундагы №27-21/17 «Р-5 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» токтому жокко чыксын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (К.Калмакиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |