Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 2
Атай айылдык кеңешинин регламентин жана Атай айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айылдык кеңешинин регламенти кабыл алынсын. (тиркелет)
2. Кабыл алынган токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жырыялансын.
3. Атай айыл кеңешини жана туруктуу комиссияларынын 2017-жылга түзүлгөн жылдык иш пландары бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |