Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 3
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджети жана 2017-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү Атай айылдык кеңешинин кеңештин план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Атай айылдык кеңешинин
IV чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 5559,9 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 5559,9 миң сом суммасында № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Атай айыл өкмөтүнүн 2017- 2018-2019- жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу № 2 тиркемеге ылайык жактырылсын:
2017-жылга 5559,9 миң сом суммасында,
2018-жылга 5800,7 миң сом суммасында,
2019-жылга 6110,7 миң сом суммасында.
3. Атай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү № 3 тиркемелерге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Атай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.1-январь 2017-жылга карата Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарын 210,8 миң сом суммасындагы калдыгы,аппараттын атайын каражатынын 131,2 миң сом суммасындагы калдыгы,балдар бакчасынын 35,9 миң сом суммасындагы калдыгы №5 тиркемелерге ылайык аткарыла турган иш-чаралардын тизмесинин негизинде бекитилсин.
6. Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 1% 55,5 миң сом суммасындагы резервдик фонду болуп бекитилсин.
7. Атай айыл өкмөтүнүн аппараттын структурасы жана штаттык түзүмү № 6 тиркемеге ылайык, маданият тармагынын кызматерлеринин штаттык түзүмү № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер ( эмгек акы, соц фонддуна чегерүүлөр, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча ( электрэнергия, көмүр, суу, телефон байланышы ж.б) жүргүзүлсүн.
9.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген электрэнергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу, ар ай сайын тиешелүү мекемелер менен эсептешүү иштери камсыз кылынсын.
10. Бөлүнгөн акча каражатын өз багыты менен жумшоо жагы Атай айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К. Эркуловко тапшырылсын.
11. Бул Токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кенешинин « Пландоо бюджет » боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |