Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 5
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 29.01.2017-жылдагы № 3- протоколун бекитип берүү жана айланма эксковаторун алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйында көрсөтүлгөн маселелерди колдоп жана айланма эксковаторун алуу боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгынан акча каражатынан жардам берүү тууралуу кайрылууларды угуп жана талкуулап, Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 29.01.2017-жылдагы элдин жыйынынын№ 3- протоколу бекитилсин.
2. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 4000,00 (төрт )млн сомдук айланма эксковаторун алуу боюнча акча каражатын Тогуз-Торо районунун “ Өнүктүрүү фондусу” мекемесинин бюджеттик каражатынын эсебинен каржыланышына долбоор жазылып сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевке тапшырылсын.
4. Токтомдун бир нускасы Тогуз-Торо районунун “ Өнүктүрүү фондусу” мекемесинин башкармалыгына жана байкоочу Кеңешине жиберилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |