Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 6
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдарга иш планын бекитүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Абдылдаевдин 2017-жылдарга түзүлгөн иш планынын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдарга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген Погрузчик техникасынын жана кой кыркуучу машинканын тарифи бекитилсин.
3. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдарга түзүлгөн планын ишке ашыруу жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин башчысы Б.Абдылдаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |