Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 7
Айыл чарба багытындагы жерлердин ставкаларын көтөрүү жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап,
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагы боюнча айыл чарба багытындагы нымсыз кайрак жерлеринин төлөмдөрү өзгөртүлбөстөн калтырылсын,нымдуу кайрак жерлердин ижара акылары бир эсеге көбөйтүлүп эсептелинсин.
2. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана тартиби типтүү жобого ылайык комиссия түзүлсүн, комиссиянын макулдугу менен айыл өкмөтүндө жашаган айыл тургундарына берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевке жана айыл чарбасы жана жер боюнча жетектөөчү адиси М.Асановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |