Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 8
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын”Жайыттар жөнүндө”Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлерин натыйжалуу , сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнун аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан ырасмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз райдаланылса иштетилсеөткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды кайра жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кайтарып алынаары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы – Жайыт Комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга ,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду,маалыматтарды берип турууга милдеттүү.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |