Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-апрели № 3
Атай айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун жана жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүдөгү прейскуранттарын бекитүү жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин план –бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясын сунушун угуп, талкуулап
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун прейскуранттары жана жеке ветеринардык кызматтын ,мал ылаңдарына каршы эмдөө жана дарылоодо акы көрсөтүүдөгү түзүлгөн прейскурант тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Атай айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун прейскуранттары жана жеке ветеринардык кызматтын ,мал ылаңдарына каршы эмдөө жана дарылоодо акы көрсөтүүдөгү түзүлгөн прейскуранттарына ылайык иш жүргүзүүнү камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Атай айыл Кеңешинин план – бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |