Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-апрели № 4
“Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда чыгып калуусу жана бош калган мандатынын ордун ээлөө тууралуу”
“Жергиликтүү Кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктуна ылайык Атай айылдык Кеңешинин көп мандаттуу Саймалууташ шайлоо округунан Шайырбек уулу Умиддин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо,социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айылдык Кенешинин көп мандаттуу Саймалууташ шайлоо округунун депутаты Шайырбек уулу Умиддин депутаттык ыйгарым укугу “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52- беренесинин 2- пунктунун 6-бөлүмчөсүнө ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. ”Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52- беренесинин 1-пунктуна жана 2016-жылдын 27-мартындагы Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын протоколуна ылайык Атай айылдык Кеңешинин көп мандаттуу Саймалууташ шайлоо округу боюнча бош калган мандатынын ордуна добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган кийинки талапкерди жылдырып берүүсүн сурайбыз.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |