Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-апрели № 5
Атай айыл өкмөтүнүн Карл Маркс айылындагы №11 Саймалууташ жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарых кабинетине Жакишов Аманкандын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо,социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынынсунушун угуп, талкуулап
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саймалууташ орто мектебинин тарых мугалими Манапбаева Кардыгач Медеткановнанын кайрылуусу эске алынып, Карл Маркс айылындагы №11 Саймалууташ жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы педагогикалык жамаатынын 2017-жыл 10.03.№ 4 токтому бекитилсин.
2. Карл Маркс айылындагы №11 Саймалууташ жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарых кабинетине Жакишов Аманкандын ысмы берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу №11 Саймалууташ жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Б.Чоюбековага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбековичке милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |