Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-майы № 1
Атай айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык жумаштарынын башталганына байланыштуу ортоңку, алыскы жайыттарга көчүрүү , малга бада уюштуруу жана баасын бекитүү жөнүндө
Атай айылдык кеёешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, план-бюджет жана финансы жана социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясын сунушун угуп талкуулап Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык айдоо-себүү иштери өз убагында жүргүзүлсүн жана техникалардын раценкалары төмөндөгү баада бекитилсин:
Айдап себүүгө 1(бир )гектарга 1000 (миң) сом акча 30 литр май;
Себүүгө 1(бир) гектарга 500 ( беш жүз ) сом акча 10 литр май ;
Малалоого 1(бир) гектарга 500(беш жүз) сом акча 10 литр май;
Жалпы 1(бир)гектарга кетүүчү чыгым 2000(миң)сом.
2. Айыл аймагында ички жайыттарга 1- майдан 25-майга чейин көчүүрүү айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Алыскы жайыттарга көчүү ,көчүп келүү 1-октябрга белгиленсин.
4. Айыл аймагында бадачыга мал баккан акысы үчүн төмөндөгүдөй баада бекитилсин жана ар бир малга ашыкча алынган сом үчүн патент киргизүү жагы эскертилсин;
- Бир баш бодо малга 300(үч жүз)сом
- бир баш жандык малга 50(элүү)сом
5. Бул токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевке тапшырылсын жана көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо ,план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |