Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 1
Жалал-Абад областык Өнүктүрүү фондусу” мекемесинен өздүк бюджет каражатынан айыл аймагында түзүлүп жаткан МТС ке алынуучу техника жана айыл чарба шаймандарына керектелүүчү акча каражатын суроо жөнүндө
Айыл аймактык Кеңешинин пландоо бюджет жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп талкуулап айылдык Кеңештин кезексиз ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жалал-Абад областык Өнүктүрүү фондусу ” мекемеси тарабынан каржылануучу акча каражатына айыл аймагынын Карл Маркс, Атай айылдарынын жашоочулары менен болгон чогулуштардын жыйынтыгы деп табылган протоколу (№8,9) бекитилип,“Жалал-Абад областык Өнүктүрүү фондусу”мекемесине долбоор даярдалып өткөрүү жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевке тапшырылсын.
2. “Жалал-Абад областык Өнүктүрүү фондусу ” мекемесинен каржылануучу акча каражатынын эсебинен төмөндөгү техникаларды жана айыл чарба шаймандарын сатып алууга акча каражатын бөлүп берүү жагы суралсын.
1.Жаңы трактор -3 даана
2.Эгин себүүчү техника(сеялка) -1 даана
3.Соко - 2 даана
4.Косылка - 2 даана
5.Мала- - 1 даана
6.Тырмоо - 1 даана
7. Опрыскиватели -1 даана
8.Прессподборщик - 1 даана
9. Борона дисковой - 1 даана
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймактык Кеңешинин пландоо- бюджет жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун бир нускасы “Жалал-Абад областык Өнүктүрүү фондусу” мекемесинин башкармалыгына жана байкоочу Кеңешине жиберилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |