Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 2
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Карл Маркс айылына санариптик сигнал толук кандуу жеркирүү үчүн САТР (санариптик автоматтык ретрянслятор) орнотууга бюджеттен акча каражат бөлүү жөнүндө
Атай айылдык кеңешинин план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Ташматовдун сунушун угуп жана талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Карл Маркс айылына санариптик сигналды толук кандуу жеткирүү үчүн САТР(санариптик автоматтык ретрянслятор ) орнотууга кеткен чыгымдарга жергиликтүү бюджеттен 22154900 беренесинен 15,0 (он беш) миң сом акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн фин.экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловго милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Атай айыл кеңешинин план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |