Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 3
Атай айыл аймагында мал чарбасы жана ветеринария боюнча башкы адисти инвестиция тартуу боюнча адиске которуу жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясын сунушун угуп, талкуулап
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адисин убактылуу инвестиция тартуу боюнча башкы адис штат бирдигине мыйзам чегинде которуу Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Бобукеевге милдеттендирилсин.
2. Атай айыл өкмөтүнө мал чарба жана ветеринария боюнча жетектөөчү адисти 0,5 штат бирдиги менен келишимдин негизинде кабыл алуу фин.экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловго милдеттендирилсин.
3. Атай айыл өкмөтүнө инвестиция тартуу боюнча башкы адисти кабыл алуу кадрларды тандоо боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |