Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 4
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы корукчуларга жазгы, күзгү корукка бир айга эмгек акы чечип берүү жөнүндө
Атай айылдык кеңешинин план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Ташматовдун сунушун угуп жана талкуулап
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Көк-Жар , Чоң-Дөбө , Уй булак участкаларынын корукчуларына жазгы айдап –себүү жана оруп -жыюу мезгилине бир айга 5,0 ( беш миң ) сомдон эмгек акы төлөнүп берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен 22154900 беренесинен 30,0 (отуз миң ) сом акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн фин.экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Атай айыл кеңешинин план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |